Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ишенбай Кадырбеков: “Илдет күчөп турганда шайлоо өткөрүү өтө чоң ката болот”

Ишенбай Кадырбеков: “Илдет күчөп турганда шайлоо өткөрүү өтө чоң ката болот”

09-июль, 18:00
2 054 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, БШКнын шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков менен күз айларына белгиленген парламенттик шайлоонун күңгөй-тескейи, ага коротула турган каражат боюнча пикир алыштык. 

-- Ишенбай агай, азыркы кырдаалга жараша шайлоо кандай өтүшү керек? 

-- Шайлоо кодексинде бүгүнкүдөй кырдаал эске алынган эмес. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, партиялар өзүнүн уставына ылайык, съезд өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитишет. Ал эми съезд өткөрүш үчүн партиялардын жер-жерлерде отурумдары болушу шарт. Тактап айтканда, эл менен талапкерлердин жолугушуусу орун алат. Вирус муну чектеп койду. “Агитация” деген да түшүнүк бар. Анда партиялар элге жолугуп, программалары менен тааныштырып, алардын суроолоруна жооп берет, ошондой эле, депутат болгондор жасаган иштерин айтып беришет. Эми үгүт иштери интернет сайттар аркылуу жүргүзүлөрү айтылды. Бирок, мындай нерсе мыйзамда жок, анын үстүнө айыл-айылдарда кайдагы сайт, кайдагы интернет? Элдин депутаттарды шайлоо укугунан ажыратканы аз келгенсип, эми партиялардын программасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн да алып коюшту. 

-Казынадагы таңкыстыкка карабай шайлоого ири суммадагы каражат корой турганы сын пикирди күчөттү. Кандай дейсиз?

-- Акыркы маалыматтар боюнча парламенттик шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 1,2 миллиард сом каражат бөлүнөт экен. Акча шайлоону уюштурууга, бюллетен чыгаруу жана башкага жумшалары белгилүү болду. Ошол эле учурда, премьер-министр Кубатбек Боронов партияларды шайлоого жумшай турган каражаттын агымын вирус менен күрөшүүгө бурууга чакырып кетти. Мындай нерселерди  түшүнүү өтө кыйын болуп жатат. Жарандардын укугу тебеленип жатканы аз келгенсип, бийликтин алдоо жолуна барып жатканы элдин кыжырын келтирүдө. Чындыгында, бул парламенттин барынан жогу жакшы. Ошондуктан, парламент өз убагында шайланбай калса деле эч кандай коркунуч болбойт. Анткени Конституцияга ылайык, анын ыйгарым укуктарын президент аткара берет. Ар бир адамдын өмүрү өтө ыйык. Илдет күчөп турганда шайлоо өткөрүү өтө чоң ката болот. 

-- Бийлик эмнеге анда парламенттик шайлоону өткөрүү чечимин кабыл алды?

-- Бул жерде чоң саясый маселе бар. Кырдаал курчуп баратат, мамлекет илдетти качан токтото алары белгисиз, күзүндө экономикалык жактан да оор кырдаал түзүлгөнү турат. Эл мунун баардыгына чыдай бербейт. Бийлик ушул жагын эске алды да. Эгер шайлоо өтсө, эл алаксыйт, эң катуу кырдаал болгон сентябрь, октябрь айларында шайлоонун шааниси менен коомчулук көп нерсеге көңүл бурбай калат эмеспи. Ушундай план менен ишке ашырылып жатат. Бул чоң жаңылыштык. Болжол менен шайлоого жыйырманын тегерегинде партия катышары айтылууда. Мунун төрт-беши өтүп келсе, сыртта калган партиялар шайлоонун мыйзамсыз өткөнүн айтып чыгышат. Алар электорат менен жолугушууга мүмкүнчүлүк болбой, съезддер өтпөй калганын козгошот. Ал эми ар бир патиянын өзүнүн артында миңдеген, жүз миңдеген шайлоочулар турат. Андыктан, ушунун баарын эсептеп жаткан саясатчылар, дагы бир ирет жакшылап ойлонуп көрүшү керек. 

-Кандай парламент келет?

-Келе жаткан парламет азыркыдан жакшы боло албайт. Мындан дагы начар болуп калышы мүмкүн. “Мурунку парламенттин депутаттары билимдүү, жакшы болчу” деп айтылып жатпайбы, себеби, ал учурда талапкерлерди калк тандап, эл шайлаган. Азыр болочоктогу парламентке ким депутат болорун эл эмес, партиянын лидерлери чечет. Тактап айтканда, партия лидерлери “силер добушуңарды бере бергиле, ал эми ким депутат болуп келерин биз тандайбыз” деген системага өтүп алышты. Лидерлер тизмеге кимдерди киргизишет? Маселе ушунда. Шайлоого чоң каражат кетет да. Тизмеге илинерде – жыйырманчыга чейинки орундар акча бергендерге жараша түзүлөт. Акчалуу адамдар чындыгында акылдуу, эптүүлөр да. Бирок, бизнеси болгон үчүн аларга Жогорку Кеңешке жөн гана мандат керек, өтүп келгенден кийин, алар бизнес жасаганды уланта беришет. Парламентте иштей албай, пайдасыз болуп жаткандарынын себеби мына ушунда. Өзүнүн убактысынын 70/80 пайызын бизнесине, аны коргоого, өнүктүрүүгө жумшашат. Парламентке добуш берүү күндөрү гана келип, кандай мыйзамдар өтүп жатканы менен алардын иши жок. 

Анархан Алтымышова

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер