Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактыбек РАЙЫМКУЛОВ, «Республика – Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты: «Курсан Асановдун айдоочусу бир жылдан ашык мыйзамсыз иштеп жүрүптүр»

Бактыбек РАЙЫМКУЛОВ, «Республика – Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты: «Курсан Асановдун айдоочусу бир жылдан ашык мыйзамсыз иштеп жүрүптүр»

01-октябрь, 15:15
619 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
– Бактыбек мырза, Кой-Таштагы 7-8-августта болгон окуяны иликтеген комиссиянын мүчөлөрүнүн бирисиз. Комиссия ишти кандай алып барууда?
– Комиссиянын жыйындары аптасына эки жолу: экинчи жана төртүнчү күндөрү өтүп жатат. Азырынча окуя болгон күндөрдөгү катышуучулардын, эки тараптан тең адамдар чакырылып, суралып жатат. Биздин иш алып баруубузга бир ай мөөнөт берилген. Өткөн отурумда аны 15-октябрга чейин дагы узарттык. Анткени, чакырылган көп адамдар келбей, жетишпей калдык. Кээде отурумду үч жолу өткөрүүгө туура келүүдө. 
– Элге, коомчулукка белгисиз кандай жаңы жагдайлар чыгууда? 
– Комиссия мүчөлөрү чакырылган адамдарга ар кандай суроолорду берип, жооп алып жатабыз. Чакырыла турган дагы кызыктуу адамдар бар. Мисалы, ошол күнү Курсан Асановдун жанында болгон айдоочусу бир жылдан ашык мыйзамсыз иштеп жүрүптүр. Ал өзү ИИМдин алдындагы атайын кызматта иштейт экен. Экинчи маселе, пакет көтөрүп чуркап бараткан да полктун жетекчиси экен. Маалыматтарды угуп жатабыз, эки саатка жок болуп кеткен учурлар бар экен. Үйдүн ичиндеги куралдарды башка кызмат барып алышы керек болсо, бирок, анда полктун жетекчисинин командасы менен чыгарып кетишиптир. Ушундай жагдайлар чыгууда.
– Ал эми эки депутаттын комиссиянын жыйынына келүүдөн баш тартып жатышкан себеби эмнеден улам деп ойлойсуз? 
– Айтыш кыйын. Телефон аркылуу, телеграмма аркылуу, кат аркылуу да чакыруу жибердик аларга. Регламент боюнча катчылыкты бекиткенбиз. Катчылык тапшырма боюнча иштердин баарын аткарып жатат. Өткөн отурумда чечим кабыл алып, спикерге кайрылдык. Бул жолку жыйынды Жогорку Кеңештин имаратында өткөрүп, эки депутаттын келишин камсыз кылып берүүсү тууралуу сурандык. Келишсе, алардын дагы ойлорун угуубуз абзел. Анткени, биз баарына тең бирдей карап, калыстык менен чечим чыгарышыбыз кажет. Жалпы жыйынга келишсе, учурашканча, сурап деле коймокпуз. Жыйынга да келишкен жок. Алар кандай максатта келбей жатышканын билбейм. Бирок, менин оюмча, келип коюшса туура болмок. Эртеңки күнү комиссиянын акыркы бүтүмү чыгып, палатага келгенде ар кандай түкшүмөл ойлорду жаратпашы үчүн алардын да пикири камтылганы туура болот эле. 
– Комиссия Кой-Ташка барганы жатыптыр. Эмнеге?
– Комиссия эки топко бөлүндүк. Окуя болгон жердеги жергиликтүү эл менен да жолугуп, алардын да ойлорун угалы дедик. Жана айтканымдай, биз баарын укканга милдеттүүбүз. «Эл менен жолукканга жай карап бергиле» деп губернаторго, акимге кайрылдык. Мунун баары жыйынтык ЖКга алынып чыкканда, «эмнеге элди да уккан жоксуңар?» деген сындар айтылбасын, элдин нааразылыктары болбосун үчүн, жыйынтык бир тараптуу болуп калбашы үчүн аракеттер. 
– Элдин суракка чакырылып жатышы боюнча нааразылыктар чыгып жатканынан кабардарсыз да?
– ИИМдин, УКМКнын башчыларын уктук. Андан сырткары, министр орун басарларын сурадык. Жабыркаган милиция кызматкерлеринен, элдин арасынан суралып жаткандар бар. Башкы прокуратурага 1700дөн ашуун адам арыз менен кайрылыптыр. Аны аскер прокуратурасы «арыз боюнча ар бир адамдан түзмө-түз түшүндүрмө алынып жатат» дешти. 
– Комиссиянын жыйындарында окуя боюнча эки ача пикирлер болуп жатабы? 
– Бир да эки ача пикирлер болгон жок. Анткени, «тигини колдойлу, мунуку туура эмес» деген нерселер болбойт. «Кимди чакырабыз, кимдерди сурайбыз?» деген маселени ортого салып, чакырылган адамдарга ар бирибиз өз суроолорубузду беребиз. Алынган жооптор стенограммага жазылып, протоколго түшүрүлүп жатат. Ошонун негизинде жыйынтык чыгат.
– Жыйынтык чыккандан кийинки тартиби кандай болот? 
– Комиссиянын толук мүчөлөрүнүн катышуусу менен жыйынтык 15-октябрга карата чыгат. Анан Жогорку Кеңешке алынып чыгып, маалымат угузулат. Жогорку Кеңеште кандай чечим болот, ошого жараша андан аркы иштер жүрөт. Ал эми ушул окуя боюнча УКМКда, башкы прокуратурада, ИИМде тергөө иштери жүрүп жатат. Биз аларга кийлигишип, тергөө иштерине аралаша албайбыз. Биз болгону баарын угуп, хронология түрүндө баяндама жасайбыз. Жыйынтык калыстыкка басым коюлуп чыгарылат деп ойлойм.
– Камактагы Атамбаевден да окуя тууралуу маалыматтарды суроого комиссиянын укугу барбы?
– Бул маселе дагы комиссиянын айрым мүчөлөрү тарабынан көтөрүлдү. Ага али жете элекпиз. Четинен угуп баратабыз. Кийинки отурумдарда «Атамбаевди да угалы» дешсе, угабыз.
Динар ТУРДУГУЛОВА, «Азия Ньюс» гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер