Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Кадыралиев: “Өмүрбек менен Төрөбай камактан чыгышат, Асылбекке кыйын болот...”

Жанар Кадыралиев: “Өмүрбек менен Төрөбай камактан чыгышат, Асылбекке кыйын болот...”

18-июнь, 12:10
1 982 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жанар мырза, учурда саясатчылар биринин артынан бири камалып атат. Алардын мындан кийинки тагдырлары эмне болорун эч ким билбейт. Бул боюнча астрология илими эмне деп атат?

-- Сурооңуз түшүнүктүү. Мен мындай дейин, зодиак белгисинин туу чокусунда төрөлгөн адамдар болот. Алар тиги же бу белгиге түздөн-түз тийешеси барлар (ар бир айдын 17-числосунан 24-числого чейин туулгандар). Алардын арасында Өмүрбек Бабанов (20-май) менен Төрөбай Зулпукаров (19-январь) бар. Бул эки адам тең камакта көпкө жатпайт. Бат эле чыгып кетишет. Күч келгенде экөө тең жылдыздарын алмаштырып ийишет. Бүткүл дүйнөлүк астрология илиминде мындай адамдарды “скользкие” деп коюшат. Бир жагынан кармасаң бир жагынан сыйгаланып чыгып кете беришет.  

-- Асылбек Жээнбековчу?

-- Биз бу адам боюнча мурун эле айтканбыз, “убакыт бар, Кыргызстандан качып кетсин” деп. Качкан жок, камалып калды. Бул адамдын “жомогу” оңойлук менен жакынкы учурда бүтө койбойт. Бир чыгарып, кайра киргизип, ойното бериши мүмкүн. Келечекте бул адамдын иши татаал бойдон кала берүүдө. Бул боюнча экөөбүздүн мурунку маегибизде эскертүү катары “качсын” дедик эле, укпады. Ошол эле Курсан Асановду “камактан тез арада чыгат” дедик эле, айткандай чыгып кетти. Сиз экөөбүздүн жазгандарыбыз туура эле чыгып келатат. Бийлик алмашмайынча Асылбекке кыйынчылык келе берет.

-- “Бийлик” демекчи, биздин бийлик башындагы адамдар астрологдор менен кызматташабы?

-- Улуу державанын президенттеринин ар биринин жеке астрологдору болгон жана болуп келет. Биздин үч президент тепки менен кетти. Бийлик башындагыларды алдап жүргөндөр толтура. Эгер ушул ыргак менен кете беришсе, аягы эмне менен бүтөрүн айтпай тек коёлу. Бирок, жанындагылардын көбү сабатсыз адамдар, алар топтолуп алып Садыр Жапаровго пайда апкелгендин ордуна, жарга түртүп, жок кылганы эле турушат, 97 пайыз кепилдиги менен. Берки үч президенттен башкача кылып жарга салып беришет. 

-- Жеңиш Молдокматов да камакта эмеспи...

-- Жеңиштин кандайча камалганын ар бир кыргыз жараны билет. Ким каматса да аркасы жакшы болбойт. Молдокматовду жакынкы арада чыгарыш керек. Болгондо да алдап-соолап, “сен жакшы” деп бошоткон оң. Кийин көчөдө жолугуп калганда жакшы мамиледе учурашып жүргөнгө. 

-- Ким камаганын ачык айта аласызбы?

-- Жеңиш Молдокматов президентке кайрылып, “сиз Камчыбек Ташиевди тезинен жумуштан алыңыз!” дебеди беле? Ошонун эртеси эле Молдокматов камалды. Эгер биздин маекти Камчыбек мырза окуп аткан болсо, бир гана кеңешим бар: Жеңишти чыгарсын. Болбосо, бул иштин акыр-аягы Камчыбек үчүн жакшы бүтпөйт. Мен эми жөн эле кыргызча эмес, астрология илимине таянып айтып атам. А астрология илими 97 пайыз кепилдик берет. Буга көп мисалдар бар. Алсак, Улуу Атамекендик согушта Гитлердин түбүнө Сталин менен Уинстон Черчилль жеткен. Ошондой эле Ислам Каримовдун түбүнө Атамбаев жетти. Булардын ортосунда “8” деген сан турат. Ушул эле “8” деген сан Камчыбек менен Жеңиштин ортосунда да турат. Ошон үчүн Камчыбек Ташиев акылына келсе, жакынкы арада Жеңиш Молдокматовду бошотсун. Мындан өзү эле чоң утушка ээ болот.     


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер