Акыркы кабарлар
» Саясат » Камчыбек Ташиев: “Баткенде кырдаал оор жана стабилдүү”
Камчыбек Ташиев: “Баткенде кырдаал оор жана стабилдүү”
19-сентябрь, 16:45

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, бирок оор экенин 19-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди:
“Кырдаал оор жана стабилдүү. Бүгүнкү күндө “толук коопсуз болду, үйүңөргө кайткыла” деп айта элекмин. Коңшулар менен кошо оор техниканы чек арадан алып кетүү процесси жүрүп жатат. Түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Ошол комиссиянын жыйынтыгы менен 1-2 күн ичинде толук коопсуз болгондон кийин гана элди кайра алып келгенге аракет кылабыз”.
Ташиев чек арадагы айылдарда талкаланган үйлөрдүн саны баштапкы маалымат боюнча 300дөй экенин кошумчалап, алардын ээлерин “азыр үйүнө алып келе албайбыз, бирок тез ара ичинде чара көрүп, алардын үйлөрүн ордуна коюп, алып келебиз” деди.