Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мигранттын баяны: Кыздыгын алып, бирок кыялына чыдабай таштап кеттим...

Мигранттын баяны: Кыздыгын алып, бирок кыялына чыдабай таштап кеттим...

06-январь, 19:39
2 859 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ал убак жай мезгили эле. Мен аскердик мөөнөтүмдү өтөп бүтүп, келген элем. Дос балам менен сейилдеп жүрүп, бир кызга кезигип калдык. Экөө тааныш экен. Албетте, дос баламдан ал кыз жөнүндө сураштырып, телефон номерин алууга үлгүрдүм. Аскерде кыз көрбөгөн жаным, досумдун тааныш сулуусун ошол замат жактырып калдым.

Көп убакыт өтпөстөн досум менин суранычымды аткарды. Андан соң ал кызга телефон чалып, “каршы эмессиңби, сенин номеринди бирөөдөн алып, чалып жатканыма?” десем, “жок, каршы эмесмин, мен сен жөнүндө досуңдан көп уккам. Чынын айтсам, сени көргүм келип жүргөн” деди. Ал сөздү укканда өзүмө ишеничим жогорулап, маегибизди уланттык. Көрсө, ал 18 жашта экен. 

Бир күнү ал кыздын туулган күнү болуп, кафеге бардык. Ал жактан спирт ичимдиктерин ууртап-татып отуруп, бир топ кызып калган элем. Бийлеп, ырдап, абдан шаңдуу отурдук. Ошентип, кетээр маал да келди. Кызып калганыма карабай, тиги кызды үйүнө жеткирүү үчүн “унаамды айдайм” деп чечтим. Негедир кең талаага, эч бир адам жок жакка баргым келди да, ошол жакка айдадым. Ал жакка жеткен соң, машинени токтотуп, тиги кыз менен сүйлөшүп отурдук. Ал көзүмө мурдагыдан да сүйкүмдүү көрүнүп, чыдабай эринине эринимди тийгизип, өбүшүп кирдик. Капкара узун чачтары, жумшак эриндери мени акылымдан адаштырды. “Сага үйлөнөм” деп аны алдай баштадым. “Кыздыгыңа тийишпейм, болгону кичине эле киргизем” деп жатып көндүрдүм. Акырындан чечиндире баштадым. Ал буга чейин кумарга батып көрбөгөндүктөн, денеси титиреп, бир башкача болуп жатты. Башында айткандай эле “кичинеден киргизип” көндүрдүм. Бирок, ал рахат мага аздык кылып, ичимдиктин кылганыбы, же бир жыл кыз көрбөгөнгөбү, эртеңки күнүмдү ойлобой, кыздыгын алдым...

Анын көзүнөн жаш кетип, кийип жүргөн аппак көйнөгү кызылала кан болуп булганды. Мен болсо кумарым канган соң соолуга түштүмАндан кийин “эми эмне болот?” деп ойлоно баштадым. “Болду ыйлаба, мен сага үйлөнөм” деп кызды сооротуп, суу издеп таап, көйнөгүнүн булганган жерин жууп жаттым. 

Андан соң кызды үйүнө жеткирип, өзүм да үйгө келип, уктап калдым. Эртеси мен артынан чуркап, ага жагыналбай жүргөн кызым беш мүнөт сайын өзү телефон чалып, маанисиз сөздөрү менен тажата баштады. Ал кыз менен жашоо болбойт экенин сезип, ар кайсы шылтоону айтып, акырындык менен андан алыстай баштадым. Акырында “өз бактысын табат” деп таштап салдым. Көпкө чейин “баарына сен күнөөлүүсүң” деп ыйлап чалып жүрдү. 

Бирок, негедир мен анын ою менен макул болбой, “мен болбосом башка бирөөгө деле жатып бермек да” деп өзүмдү сооротом. Күнөөмдү сезип, ал кызга үйлөнүп алсам деле аны бактылуу кыла алмак эмесмин. Себеби, аны сүйө албай койдум. Ага аяр мамиле жасабай, күнүгө уруш чыгарып жүдөтмөкмүн. Ошон үчүн кыздарга айтарым, кыздыгыңарды болочок күйөөңөргө гана арнагыла! Анткени кыз-жигит болуп жүргөндө жигитиңерге берип салсаңар, ал эч качан аны баалабайт!


Бек Кайратов

 Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер