Акыркы кабарлар
» Саясат » Жарыктык ай, Адылбек Касымалиев үн чыгарып койбойбу?
Жарыктык ай, Адылбек Касымалиев үн чыгарып койбойбу?
04-июль, 21:27

Элибиз карап турат. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аймактарды кыдырып, укук бузуу, коррупциялык көрүнүштөрдөн сырткары социалдык маселелерге чейин киришип, чиновниктерди тизип, каматып, айтор, кирген суудай эле буркан-шаркан түшүү менен иштеп жатат. Жалпысынан айтканда, мамлекеттин баардык көйгөйлөрүн чечүүнүн үстүндө алпурушууда. Дээрлик министрликтердин ишин көзөмөлдөп, алешемдиктерди, кемчиликтерди ачыктап, көзгө сайгандай эле былыктарды ашкерелеген кербези. Мындай жагдайда өкмөт башчы Адылбек Касымалиевге таңгалуудабыз. Ал эмне кылып отурат? Качан иштейт? Жок дегенде ээлеген кабинетин, алган айлыгын, кызматтык тейлөөлөрдү актап койбойбу? Байболгур, үн чыгарса не? Жарыктык ай! Суроолор көп, бирок жообу жок.
"Азия Ньюс" гезити