Арадан беш жылдай өттү... Унуталбай кайрадан чалдым

Мен ага беш жылдан кийин кайрадан чалдым. Таңкалычтуусу, ал күтүп жүргөндөй, номерин өзгөртпөптүр. Ал телефонго жооп бергенде, мен таңкалдым. Кубанды...Толкунданды...
Анын "салам" деген назик үнүнөн кийин мен унчукпай калдым. Мен эмне деп жооп береримди билбедим. Мен ал үчүн бактылуу, телегейи тегиз адамдаймын, бирок азыр жүрөгү жараланган бир байкушмун.
Ал дайым жакшы көрөрүн айтчу. Мени менен өзүн бактылуу сезчү. А мен аны таштап кеттим. Төгүлгөн көз жашына карабай башкага кеттим. Бирок, бүгүн ал бактылуу экен. Айланасынан бөбөктөрдүн күлкүсү жаңырат...
Көпкө сүйлөшө албадым. Телефонду өчүрдүм. Бирок, жүрөгүм бир башкача сыздап турду.
Кайрдан СМС келди:
-- Салам! Мен сиздин чалууңузду күтүп жаткам. Чындыгында сиздин үнүңүздү угам деп үмүттөнгөм. Ал күн да келди. Ооба, ошол күн келди. Арадан канчалаган азаптуу ай-жылдар өттү. Сизди сагынып жинди болдум. Бирок, ал күндөр өтүп кетти. Азыр Кудайга шүгүр, бактылуумун. Ак көңүл, мүнөзү эң сонун, жүрөгүмдү оорутпаган түгөйүмдү тапкам. Бала-чакалуу болдук. Жашоомо жөн гана из салып, элес болуп эми артта калдыңыз. Бактылуу болуңуз! Кош болуңуз!
Мен аны менен кенен чер жазышып сүйлөшкүм келди. Эртеси чалдым, кайра-кайра чалдым. Күн сайын. Аны тапканга аракет кылдым, бирок номери өчтү. Изи жоголуп кетти ...
Азыр мен 39 жаштамын. Жапжалгызмын. Бир кездеги бактымды колдон учурупмун... Убагында көрүп, сезе билбегенден биз канча баалуу адамдарды жоготтук...
Нургазы
"Азия Ньюс" гезити