Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аксакал окумуштуулардын башын аттап, учага жулунган Тиллебаев менен Маразыков

Аксакал окумуштуулардын башын аттап, учага жулунган Тиллебаев менен Маразыков

10-ноябрь, 15:19
1 807 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурун профессор Жумакадыр Дүйшеев 80 жылдыгын белгилеп, илимий конференциядан кийин “Кербен” кафесине кесиптештерин чогултуп, чай берет. Бүгүнкүнүн дөө-шаа филологдору тегиз жыйналып, жакшы эле маанайда башталат. Бир маалда уча тартылган табакка Абак Биялиев, Ниязбек Шаршеев жана Бектурсун Байсабаев баштаган аксакал окумуштуулар отурган жатышса, Садык Тиллебаев менен Турусбек Маразыков жулунуп киришип, кыргыздын салтында жок жорукту жасашканы кандай? Адатта, учаны улуулата тартат эмеспи, а береги эки эргул нарк-насил, калк каадасын уруп ойнобогону эмнесиТок этери, Тиллебаев менен Маразыковдун мындай жоругу илимпоздор арасында катуу талкууга түшүп, ушу күнү да дуулдап турган чагы. Булар агартуучулук айдыңды да жыргатпай, улууну дагы сыйлабай, айтор, иш жүзүндө илимди коммерцияга айландырып алышканы жалганбы? Тазаланууга мезгил келди!

Баса, бүгүн 10-ноябрь окумуштуулардын күнү экен. Майрамыңар кут болсун, урматтуу чыныгы илимпоздор!

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер