Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида Шамбетова: “Колду самындап, 20 секунд жууш керек”

Аида Шамбетова: “Колду самындап, 20 секунд жууш керек”

13-октябрь, 11:44
1 512 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

USAID уюмунун "Мыкты азыктануу" долбоорунун адиси Аида Шамбетова гигиена жана санитария боюнча маалыматты жайылтуу жаатында жүрүп жаткан долбоорлор тууралуу айтып берди.

"Бактериялар аркылуу тараган оорулар жана толук баалуу тамактанууну бири-бири менен байланышы зор. Оорулуу организм таза, оорубаган организмге караганда тамакты жакшы сиңире албайт. Ошондуктан калк арасында гигиенаны сактоо, колду туура жууган жөнүндө маалыматтарды таратуудабыз. Учурда Баткен, Жалал-Абад облустарында гигиена жана санитария жаатында билдирүүлөрдү жайылтуу боюнча долбоорлор жүрүп жатат. Алгач изилдөө жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында респонденттердин 90 пайызы кол жууш үчүн кумган жана илеген колдонулары белгилүү болду. Андан тышкары, бир нече адам бир эле сүлгүнү колдонот. Ошондой эле адамдар дааратканадан кийин (60 пайызы), баланы тамактандырууга даярданууда (39 пайызы), тамак бышыруунун алдында же ичер алдында (33 пайызы) гана кол жуушат. Биз беш опурталдуу учурда: тамактануунун алдында жана кийин, баланы тамактандыруунун алдында, дааратканага баргандан соң, заңдаган баланы которгондон же тазалагандан кийин жана үй жаныбарларын тейлеп же кармагандан кийин сөзсүз колду самындап жууш керектигин сунуштайбыз" деди Шамбетова.

“Спутник кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер