Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Болот Сүйүмбаев мыйзамсыз баюу, саясый куугунтуктарды жүргүзүү боюнча суралбайбы?

Болот Сүйүмбаев мыйзамсыз баюу, саясый куугунтуктарды жүргүзүү боюнча суралбайбы?

10-октябрь, 20:41
990 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2010-жылдын 7-апрелине чейин Болот Сүйүмбаев батирде баш калкалаган жупуну гана жансакчы болчу. Анан Атамбаевдин арты менен кызматтан кызматка көтөрүлүп, УКМКнын төрага орун басарлыгына чейин жетти. 2012-жылга чейин диплому жок жүрүп, качан гана УКМКнын 9-башкармалыгына начальник болуп келгенде дене тарбия институтун “бүтүрүп” атпайбы. Бирок, бийликтин аркасы менен “бизнес” кылып, хансарай салдырып, элиталык үйлөргө ээ болуу жагынан “өнөрлүү” экен. Көшөгө артынан күч органдарынын куратору болгону, саясый куугунтукту жүргүзүүдө активдүү иштегенин кантесиңер? Маселен, Өмүрбек Текебаевди, Дүйшөнкул Чотоновду, Садыр Жапаровду, Кубанычбек Кадыровду, Бектур Асановду, Канатбек Исаевди, Бекболот Талгарбековду ж.б. бир топ адамдарды каматтырып, тагдырын сындырууга салым кошуп, ырайымсыз буйруктарды ишке ашырып турганын кайда жашырабыз? Керек болсо Атамбаевге “бөрк ал десе баш алчу” тескери маалыматтарды бергени да айтылып жүрөт. Баарыбыз күбө болгондой, Атамбаев оппозицияга аттанганда Сүйүмбаев каратып туруп сатып кеткен. Баса, бул эргулдун генералдыкка чин-даражасы жетпесе да ээ болгонун УКМКнын бүгүнкү кызматкерлери айтып жүрүшөт го? Айтор, Болот Сүйүмбаев мамлекеттик бийликти жеке фирмасындай пайдаланып, байып, азыр болсо жыргап жашап жатат. Буга эмне, мыйзамсыз баюу, саясый куугунтуктарды жүргүзүү боюнча сурак жокпу?..

Aryba.kg 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер