Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » КЭУну менчигиндей минип алган Төлөбек Камчыбековдун өзүм билемдиги

КЭУну менчигиндей минип алган Төлөбек Камчыбековдун өзүм билемдиги

25-декабрь, 19:30
854 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университети мамлекеттик окуу жай болгону менен экс-ректор Төлөбек Кадыралиевич Камчыбеков отуз жылдан бери менчигиндей эле пайдаланып келатат. Эске салсак, Акылбек Жапаровдун диссертациясын ызы-чуу менен бүтүргөнүнөн башка да кыңыр иштери толтура. Сооронбай Жээнбеков бийликте турганда, анын агасы Кантөрө Токтоматов менен Төлөбек Камчыбеков шилекей алышкан достугун пайдаланып, бир тууган иниси Токтобектин баласы Алмазды өзүнүн ордуна ректор кылып шайлаткан. Илимге эч кандай салымы жок, педагогикалык жактан тажрыйбасыз Кадыралиев Алмаз Токтобекович азыр номиналдуу түрдө гана КЭУ ректору аты бар, бирок бийлик дагы деле кеңешчи кызматында отурган Төлөбек Камчыбековдо. Мамлекеттик окуу жайды минтип династияга айландырганга Камчыбековго ким уруксат берди? Билим берүү жана илим министрлиги каякты карап отурат? Өлкөдө завод-фабрикалар приватташтырылып, тонолгону аз келгенсип, эми көзгө көрүнгөн университеттер талана баштаганы ушулбу? Биздин өлкөдө мамлекеттик мүлктү, мекемелерди коргой турган УКМК бул ишти көзөмөлгө алуусу абзел. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер