Мэр Жунушалиев ар кимдин жетегинде жүрө бербей, өз алдынча шаарды көрсө болмок


Бишкек шаарында жолдор, тратуарлар оңдолгону менен аягына чейин толук бүтпөй, чала-чарпыт көрүнүштөргө күбө болуп келебиз. Мисалдар арбын. Биз болгону учкай гана токтололу. 12-кичирайондун үстүндөгү магистралда жайгашкан аялдама бир канча айдан бери бүтпөй, казылып, чала жасалган боюнча калып, чаңы сапырылып турат. Бул жакта тратуарлар да талкалана баштаган. Көңүл бурган жан жок. Ошол эле Асанбайдан дагы ушундай эле ыраатсыздыктарды көрөбүз. Тийешелүү жетекчилердин кайдыгерлиги качан токтойт? Бишкек мэри Айбек Жунушалиев ар кимдин жетегинде жүрө бербей, өз алдынча шаарды кыдырып, чыныгы картинаны көрсө болмок. Биз оңой эле бүтө турган, элементардуу гана көрүнүштөрдөн кеп кылдык. А чыныгы көйгөйлөрдү санаганда эмне пайда? Үмүт деле жанбай калды...











