Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Борбор шаарды Жалал-Абадга көчүрүү ыңгайлуубу?

Борбор шаарды Жалал-Абадга көчүрүү ыңгайлуубу?

24-август, 00:25
1 055 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда Бишкек шаарындагы автоунаалардын тыгындарын көрүп атабыз. Жай мезгилинде мындай болчу эмес эле. Эми күз келсе, бала бакча, мектеп, ЖОЖдордун окуулары башталса, элестете бергиле. Көп мекемелердин иштери жанданат, отпускада эс алып жүргөндөр кайтып келишет. Айтор, сентябрь айынан тарта борбор калаабыз быкылдап, машиналар батпай калары калетсиз. 

Бир эсе мындай көрүнүшкө ички-сырткы миграциянын жылдан-жылга көбөйүп баратканы, элибиздин саны өскөнү да себепчи. Аймактарда жумуш орундары жетишпей, жаштар шаарга агылууда. Окууга келгендери, ишке тартылгандары да арбын. Мындай жагдайда маселени чечүү шарт. 

Көп мамлекекеттерде биздикиндей көйгөй жаралып, борборду көчүрүү менен элдин түйшүгүн жеңилдеткени белгилүү. Алыс барбай эле Алматыдан башкы калааны жылдырып, Астана шаары салынганын эске алалы. Бизде деле арбын варианттар бар. Мисалы, Жалал-Абад кенен, каалагандай гүлдөтсө, борбор калаага айландырса жарашат. Соңку жылдары өнүгүп атканын да билебиз. Стратегиялык жагынан да туура келет. Эң башкысы, Жалал-Абад байыркы шаар. Андан сырткары, Балыкчы, Кочкор, Суусамыр, Сокулук, Токмокко да жылдыруу айтылып келет. Кандай болгон күндө да, Бишкекти кичине бошотуп, ылайыгы келген аймакка борбор жылса, алдыны көрө билген тарыхый кадам болмок. Кайсы бир күнү ушул биз жазган демилге ишке ашары да айныгыс чындыкка айланса керек...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер