Аззамбек Жээнбай уулу: “Чоң инвесторлор үчүн биздин рынок кызыксыз”

JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору менен маек.
-- Биздин өлкөнүн ишкерлеринин чет өлкөлүк ишкерлер менен байланышы кандай деңгээлде? Дегеле инвестиция тартууга мүмкүнчүлүктөр барбы?
-- Кыргызстанга чет өлкөлүк инвесторлор келиши үчүн жагымдуу инвестициялык климат керек. Бул үчүн шарттар, мыйзамдык база жетиштүү. Бирок ошону ишке ашырууда маселе болуп жатат. Өзгөчө биздеги саясый туруксуздук инвесторлордун келишине чоң жолтоо болот. Бизде улам-улам төңкөрүш болуп атып, бизнестин жашоо мөөнөтү да 5 жылга кыскарып кетти. Ошол себептүү чет өлкөлүк инвесторлордун келиши үчүн саясый туруктуулук маанилүү. Анткени бизнес тынчтыкты тандайт, өзгөчө чет элдик ишкерлер коопсуздукка өзгөчө маани беришет.
Бүгүнкү күндө чет өлкөдөн чоң инвесторлор келгени өтө сейрек. Жогорудагы маселелерден сырткары, биздин рынок инвесторлор үчүн кызыксыз, анткени өтө чакан. Тоо-кен, энергетика тармактарынан башка тармактар анча маанилүү эмес. Ошон үчүн биз ички инвесторлордун потенциалын туура колдонушубуз керек. Качан ишкерлер Кыргызстанда иштегенге кызыкса, оюн эрежелери ачык жана түшүнүктүү болсо, ошондо гана башка тармактарга инвестиция кыла башташат. Акыркы учурларда бизде IT жана кызмат көрсөтүү, креативдүү бизнестерден кызыктуу стартаптар чыгып жатат. Мына ушуларга ички инвесторлорду колдонсок туура болот.