Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Дөө Чыңгыздын” элпеги Эркин Тентишевге күнүбүз түштүбү?

“Дөө Чыңгыздын” элпеги Эркин Тентишевге күнүбүз түштүбү?

24-сентябрь, 00:19
510 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бийлик криминалга каршы аёосуз күрөш баштап, соңку бир жылдан бери кыйла көрсөткүчтөрдү жаратууда. Миллиарддарды “кустуруп” келишет. Ошол эле кезде кайрадан былык иштери барлар камырдан кыл сууругандай образ жаратышып, өлбөй-житпей эле шанаңдап чыга келишүүдө. Эмесе бир олуттуу мисалга токтололу.

“Аңгектен качсаң дөңгөккө...” деген кыргызда кеп бар. Анын сыңарындай, күрөш федерациясынын президенттигине Эркин Тентишев дайындалды. Бул эргул козголгон кылмыш иштери үчүн кечээ эле өлкөдөн безип, кара жанын ала качып жүрбөдү беле? Анан көмүскөдөн келишип алып, баш көтөргөнүн карасаң. Ооба, Эркин Тентишев миллионер, бирок кылмыш дүйнөсү менен буга чейинки байланышы (“Дөө Чыңгызды” алалы), аларга камыр-жумур аралашканы, жүгүнгөнү, чогуу бизнес жасаганы жалганбы? Адатта корккондо элпектене калат эмеспи. Жасалма документтер аркылуу байыганы боюнча ИИМге арыздар түшүп, анан камалып кетерде “куйрук түйгөнүн” кантип жашырабыз? Көмүскөдөн шектүү байлыктарга жеткен адамды күрөш федерациясына дайындоо мандем жаратпайбы? Айтор, жүрөк өйүткөн суроолор көп. Бирок иш жүзүндө айланып келип эле “шектүүлөр” төргө чыгып жатышса, спортчулардын жаркын келечегинен үмүт үзөбүзбү?

Ал эми аталган федерациянын башчылыгынан Мелис Турганбаев кримтөбөл Салимбай байбача менен кучакташып, ынак достордон болуп кеткени моралдык жагын сындырып, коомчулукта сын-пикир жаратып, чоң айыптоолорго жеткизди. Натыйжада, башкалардай жоопкерчилиги каралбай, эркиндикте тайраңдап жүрөт. “Мыйзам буйлалаган төө” деп бекер айтылбаптыр да. Жылас алгырдыкы!..  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер