Акыркы кабарлар
» Саясат » Шакинин өндүрүш ишканаларын сактап калсак болот беле?
Шакинин өндүрүш ишканаларын сактап калсак болот беле?
13-май, 23:52

Алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов тарттырып жиберген ишканалары учурда иштебей, жумушчулары тарап кетишиптир. Миңдеген адистер бош же күнүмдүк башка иштер менен алектенишет. Бул боюнча кыжалаттанган тургундарыбыз билдиришүүдө. Эгерде Шакини коркутуп-үркүтпөй, өлкөдөн кубалап чыкпай, кандайдыр бир ортодогу сызыкты кармашып, сүйлөшүү жолдору аркылуу өндүрүштөрүн сактап калганыбызда, канчалаган үй-бүлөлөр жумуш орундары менен камсыздалышып, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошулат эле? Негизи ишкерлерге аяр мамиле жасап, аларды колдоого алуу мамлекетибиз үчүн пайдалуу эмеспи.
"Азия Ньюс" гезити