Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыздын келечегине, Манаска кайдыгер эмес инсандар, жарандар, талкууга келгиле!

Кыргыздын келечегине, Манаска кайдыгер эмес инсандар, жарандар, талкууга келгиле!

07-апрель, 20:09
769 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыздын белгилүү манасчысы Дөөлөт Сыдыков жакында эле “Манас айылы” этнографиялык комплекскине директор болуп шайланган. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген накыл кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай, атпай журтка белгилүү манасчыбыз Дөөлөт Сыдыковдун бул жерге директор болуп шайланганын көпчүлүк эл туура көрүүдө. 

Улуттук этно-маданий жайлардын бири болгон “Манас айылы” этнографиялык комплекси Манастын 1000 жылдыгына карата 1995-жылы жаңы курулган. Бир кезде этнографиялык комплекс туристтик аймакка, гүлдөгөн эс алуу жайына айланган эле. Миңдеген туристтер келип, ал жерди айлана басып, суктанган учурларын жашырышкан эмес. Ал эле эмес Кыргызстандын булуң-бурчунан келген өзүбүздүн жарандар да бир чети катуу таасирленип, экинчиден, мазар катары сыйынып-тайынып  кетишчү. Кийин эмне болду? Бул аймак бара-бара каралбай, айдан жылга өтүп, дубалдары урап, тепкичтери жешилип, боёлгон сырлары өчүп, чекесин отоо чөп басып, бир сөз менен айтканда, Манас айылы болбой эле, таштанды айылына айланып кеткен. 1941-1945-жылкы ата мекендик согуш жөнүндө кино тарта турган жерге окшошуп калган. Бир канча жолу бийлик башындагылар келип өз көздөрү менен көрүп, эртең эле реконструкцияны баштап ийчүдөй жалындуу сөздөрүн айткан менен тырмактын учундай иш кылышкан эмес. Айтылган сөздөрү айтылган жерде калган. Анысы аз келгенсип, талашкандар көп болду. Бири “маданият министрлигинин карамагына өткөрөбүз” десе, бири “Бишкек эркин экономикалык аймакта калганы ырас” деп, акыры ЭЭАда эле калган. Калган менен “Манас айылынын” бүгүнкү күндөгү абалына адам чыдап тура албайт. Ыйлайсың. Капилеттен муну көргөн Манас бабабыз таарынып жүрөбү деп да кетесиң. Ошон үчүн кыргыз эли да алдыга өнүгө албай атабызбы?.. Мүмкүн ушу “Манас айылын” ойдогудай жасап-түзөп, көркүнө чыгарып, заманбап жасап чыксак, эч бир тыйын аябай, бирөөгө түртө салбай, президент Садыр Жапаров өзү кийлигишип, бир чети ырым кылса, кыргыз эли оңолуу жолуна түшүп, баардык жагынан алдыга жылып, Кытайдын карызынан кутулуп, тескерисине, өздөрүн карыздап, жакшы жашоого бет алат белек? 

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектин Логвиненко көчөсү менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө саат 10:00гө Дөөлөт иним “Кыргыздын келечегине, Манаска кайдыгер эмес инсандар, жарандар, талкууга келгиле” деп чакырып атат. Кызыктар али алдыда! 


Сурат Жылкычиев

Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер