Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жыргалбек Касаболотов: «Студенттерди окуу убагында үгүт иштерине катыштыргандар мыйзам алдында жооп беришет»

Жыргалбек Касаболотов: «Студенттерди окуу убагында үгүт иштерине катыштыргандар мыйзам алдында жооп беришет»

12-ноябрь, 10:20
1 199 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- «Шайлоо процессине аралашты» деген негизде бир катар мамлекеттик кызматкерлерге, жетекчилерге сөгүш жарыяланды. Анын ичинде Ош мамлекеттик университетинин ректору Кожобеков кызматтан алынды, бирок бул чечимге нааразы болгондор көбөйүп жатат... 

-- Студенттерди сабак учурунда шайлоого байланышкан иштерге алып баруу – шайлоо мыйзамдарын бузуу болуп эсептелет. Муну баардыгыбыз билебиз. Аларды сабактан алып калышып, кимдер алып келишкен болсо, ошолор жооп бериши керек. Жазага тартылган кишилердин буга тийешеси канчалык экенин так аныктоо зарыл. Кимдир бирөө жакшы иштеп, ошол эле мыйзамга каршы иштерди жасаган болсо, ал сөзсүз жазасын алышы керек. Бул баардыгыбызга тийешелүү. Бирок жалпысынан окуу жайында болгон дээрлик баардык иштерге ректор жооп берери анык. Ошону менен катар бул ишти уюштурууга түздөн-түз тийешеси барлар мындан дагы катуу жазага тартылышы шарт. Мыйзам баардыгына бирдей иштегенде гана мамлекетте тартип сакталат. Эгер ректордун тийешеси бар экени аныкталса, ал дагы жакшы иштеп жатканына карабастан жазаланганын туура деп эсептейм.   

-- Негизи үгүт иштери башталгандан бери эле «студенттерди аралаштырышыптыр» деген сөздөр айтылып келет. Студенттердин катышуусу туура эмеспи, алар деле шайлоочу да?

-- Албетте, 18ге чыккан баардык жаран шайлоочу болуп эсептелет, ошолордун ичинде студенттер да бар. Анткен менен студенттер үгүт иштерине сабактан тышкаркы убакта катышса уруксат. Сабак убагында, окуу жүрүп жатканда үгүт иштерине аралашканы туура эмес. Эгерде сабакты калтырып, үгүт иштерине өздөрү кеткен болсо, окутуучулары эскертип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек болчу. Мугалимдер студенттерге салыштырмалуу мыйзамды жакшы түшүнүшөт, мамлекеттик кызматкерлерге шайлоого аралашууга таптакыр тыюу салынганын сонун билишет. Ар бир мугалим сабак учурунда 5 мүнөт убактысын коротуп, муну окуп жаткандарга айтып койсо, ашыкча болмок эмес. Бул учурда студенттерди окутуучулары, деканат же ректорат алып чыккан болсо, алар мыйзам алдында жооп бериши керек.


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер