Акыркы кабарлар
» Коом » Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өткөнүн билдирди
Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өткөнүн билдирди
19-сентябрь, 12:08

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу (УКМК) Чек ара кызматы 19-сентябрь, саат 08.00го карата кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 18инен 19-сентябрга караган түн тынч өттү, бирок абал дагы деле чыңалып турат.
Чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтөт. Бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.
Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 144 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.