Күйөөмдү катуу сүйөм, ал болсо улам шуркуяларга кетип калат. Кечире берем...
Менин көйгөйүм курч... Москвага балдарым менен чогуу келгенбиз. Келгенден кийин жолдошум аябай өзгөрдү. Ортодо ажыраштык. Балдарды Кыргызстанга жөнөттүм. Өзүм демалыш эмне экенин билбей иштедим. Эки жыл аралыгында аябай кыйналдым, күйөөмдү сагынып... Жаман ойлобогула, мен түз жүргөн аялмын. Ошентип кайра күйөөм менен жараштым. Күйөөм бирөөсүн боюнда кылып, бирөөсү менен никесиз жашап алыптыр. Анын баарын билгенден кийин мен өзүм жалынып, кылбаган катам үчүн кечирим сурап жашап калдык. Бир комната снимать эттим, эч нерседен кем кылбай бактым. Мен эшектей тытынып иштейм, кечинде үйгө шашам. Күйөөм болсо жумушу жок жатат үйдө, жатканда да жөн жатпай мен жумушка кеткенде шуркуясына жолугат экен. Мен жумуштан келерге жакын эч нерсе болбогондой үйдө жатып калат. Мен байкуш жумуштан чарчап келип, үй жыйнайм, тамак жасайм. Эртеси таң эрте жумушка кетем. Ошентип жүргөн кезде, кийимдерин жыйнап алып, кетип калыптыр тиги шуркуяга.
Аны Фейсбуктан таап алып сүйлөштүм, ал шуркуясы калпты аябай сүйлөйт экен: “Биздин балабыз бар, үйлөнүп алганбыз” деп калпты карандай жазды. Жолдошума ошол жазганын жөнөтсөм, аны сөгүп кайра мага келди. Мен баарын кечирип жашадым, андан кийин карантин башталды, ал үйдө жатат, мен тытынып иштейм. Ошентип 5 ай жатыптыр. Пропускной режимди жокко чыгарып, эми иштеп баштаганда, мен жумушка кеткенде кийимдерин жыйнап кетип калыптыр. Менин бир гана айыбым – жолдошумду катуу сүйгөндүгүм. Азыр абалым аябай жаман, эмне кылышымды билбей башым катып калды. Телефону өчүк, кайда экенин билбейм, кайда экенин билсем бутуна жыгылып, кылбаган күнөөм үчүн кечирим сурамакмын. Балдарымды аяп жүрөм. Балдарда эмне күнөө? Апасын бактысыз экенин көрүшүп, байкуш чүрпөлөрүм ичинен эзилет болуш керек...
Айсулуу