Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Шералиев: “Вирус ар дайым күчүндө. Экинчи толкун коркунуч жаратууда”

Улан Шералиев: “Вирус ар дайым күчүндө. Экинчи толкун коркунуч жаратууда”

24-октябрь, 07:55
879 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КОВИД-19 илдетинин экинчи толкуну элдин тынчын алып турган чагы. “Биринчисине караганда күчтүүрөк болушу ыктымал” деп саламаттык сактоо министрлигинен күнүгө какшап атат. Чын эле ушундайбы же катардагы алдын ала турган иш-чарабы? Биз улуттук Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борборунун пульмонология бөлүмүнүн илимий кызматкери Улан Шералиев менен маек кылдык.

-- Улан мырза, “КОВИД-19, пандемиянын экинчи толкуну” деп эле атабыз. Ошончо эле коркунучтуубу?

-- Пандемия бир эле Кыргызстан эмес, бүткүл дүйнө элин ойго салып атат. Ар бир мамлекеттин окумуштуулары бул боюнча ар кандай пикирлерин айтып чыгууда. Бизде экинчи толкун кадимки эле грипп же ОРВИ менен бир мезгилге туш келип калышы мүмкүн. Биринчи коркунуч дарыны туура тактап, диагнозду коюшта болуп атат. Грипп менен КОВИДдин башталгыч симптомдору 70-80 пайызга окшош келет. Дене табы көтөрүлөт. Муундар сыздатып оорутат. Ал эми дарылоо жолдору эки башка болот. Биринчи толкунунда гриппке окшотуп, дарылары да ошондой болгондуктан бир канча жоготууга учурадык. Экинчи толкундан коркуш керек. Кээ бир адамдар мурун ооруган болсо, азыр да кайталанышы мүмкүн. Ал эми грипп менен КОВИД бир келсе, абдан оор болуп калары шек жаратпайт. Орустун башкы пульмонологу “вирустан корккондун кереги жок, өтүшүп кеткенинен коркуу зарыл” деп айтты. Мен ушуга кошулам. Вирус жеңил өткөндөрү болот же өтүшкөн формада жүрөк кан тамырларга, пневмония, жаш балдарга кавасаки симптомдоруна окшогон нерселери күтүлүүдө. 

-- Учурда дарылоо ыкмалары толук аныкталдыбы?

-- Акыркы протокол сентябрь айында такталып, жарыкка чыккан. Саламаттык сактоо министрлиги дайындап берген. Азыр ушул ыкма менен дарылап атабыз. Айыгуулар көбөйүп, жылыш бар. Бул протокол менен ноябрь айына чейин колдонууга мүмкүн.

-- Кыргыздын менталитетине жараша коронавирустан сактануу жолдорун карап көрдүңүздөрбү?

-- Биз кыргыздар ушундай калк келет экенбиз, бири-бирибизди укканды жаман көрөбүз. Акыл үйрөткөндү айтпай тек коёлу. Төш кагып эле жүрсөк дейбиз. Дүйнө жүзүндөгү элдерден айырмаланып турабыз. Социалдык аралыкты сактабайбыз. Колду тез-тез самындап жуубайбыз. Антисептик колдонгонго көнбөдүк. Супермаркеттерге кирип баратканда беткабың жок болсо киргизбейт, туура кылат. Колго антисептик чачып, майлап турушат, бу да туура. А бирок, ошол эле дүкөндөгү буюмдар аркылуу жуккандар көбөйүп атпайбы. Жок дегенде ушул жагын абайласак дейт элем. Эми караңыз, биринчи толкунунда элдин 70 пайызы кооптонуп, беткап тагынып, көчөгө көп чыкпай, антисептик колдонуп, социалдык аралыкты сактанып калды эле. Азыр болсо тетирисинче, 70 пайыздайы беткап тагынбай, аралыкты сактабай, колун жуубай, жайма-жай болуп кетишти. Митингге чыккандарды көрдүк, жүздөн биринде гана беткап болду. 

-- Биринчи толкунунда вирус абдан күчтүү болуп, вирус алып жүргөн бир адам төрт адамга жуктурганга күчү жетип аткан. Азыр вирустун күчү кайттыбы? Буга сиз кошуласызбы?

-- Мен буга кошулбайм. Ушак тараткандардын кеби болсо керек. Бүткүл дүйнөдөгү илимпоздор бул боюнча баш оорутуп атышат. Ооба, башында бир адам төрт адамга жуктуруп атканы боюнча илимпоздор айтып чыгышкан. Азыр элдин иммундук системасы солгундады. Калыбына келе элек. Ошондуктан “вирустун күчү кайтты” деген маалыматты унутуп коюш керек. Ал ар дайым күчүндө. 

-- Каны 2-топтогу адамдар вируска көп тоскоол боло албайт экен. Коронавирус жуктуруп алуу оңой да. Ушул чынбы?

-- “Кызыл аймакта” иштеп жүргөнүмдө каны 2-топтогулар 10-15 пайызга көбүрөөк экенин байкагам. Бирок, маани берген эмесмин. Эми гана ушул жаатта илимий изилдөөлөрүмдү улантып атам, аягына чыга элекмин. Бирок, бүткүл дүйнөлүк илимпоздор ушундай нерсени байкагандарын айтып чыгышты. 

-- КОВИД менен ооруган адамдын жабыркаган өпкөсү канча убакытта калыбына келет?

-- Бул абдан оор маселе. Ар бир адамдын иммундук статусуна жараша жана кошумча оорулары жок беле (?) дегенге барып такалат. Эгерде кант диабети, жүрөк кан тамырлар ж.б. оорулары бар болсо, анда бул адамдын өпкөсү абдан кеч барып калыбына келет. А кимде-ким эч бир башка оорусу жок, жеңил өткөргөн болсо, анда 4-6 айдын ичинде калыбына келип калат.     


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер