Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баардык партияларга каршы добуш берүүгө эл даяр болуп калдыбы?

Баардык партияларга каршы добуш берүүгө эл даяр болуп калдыбы?

04-сентябрь, 10:57
939 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Баардык партияларга каршы добуш берүү урааны күчөп баратат. 4-октябрдагы шайлоо жокко чыгып калышы мүмкүнбү?” деген собол узаттык. Мунун да жөнү бар экени анык. Себеби, буга чейинки шайлоодо мындай көрүнүш болгон эмес. Бул жолу элдин аң-сезими өстү, көздөрү ачылды. Кандай болгон күндө да, каршылашуулар күчөп, карапайым калк чечкиндүү кадамдарга барышабы?..

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер:

-- Анын баары реалдуу шартта толук ишке ашып кетүүсү мүмкүн. Карапайым элдин протесттик маанайы мурда болуп көрбөгөндөй күч алууда. Эгемендүүлүк алгандан бери мындай курч кырдаал биринчи жолу болуп жатат. Мурдагы эки төңкөрүш бийлик талашмайлардын эле оюндары болуп келбеди беле? Бул жолу революция же төңкөрүш болуп кетет дегенден алысмын. Андай каалоо деле жок элде. Бирок, шайлоонун ушундай бир ыпластык менен башталышы коомду башка нерселерге түртүп жатат. Бул – шайлоонун жыйынтыгын баардык жагдайларда тааныбай коюу коркунучу. Коом кырдаалды катуу байкап турганы сезилүүдө. Баардык партияларга каршы добуш берүү урааны ишке ашып кетиши ыктымал. Баары бийлик менен БШКнын абийиринде турат!

Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- Бул жолку шайлоо бай-манаптардын сөзү үстөмдүктө болуп, мыйзам четтетилип калбадыбы. Кыргызстан учурда “болот же болбойт” деген кырдаалга келип калды. Чечмелегенге аракет кылайын: эмне үчүн болбойт? Ошол эле коррупционерлер, чириген олигархтар өлкөнү чиритип жок кылат же мыйзам үстөмдүгү менен алдыга карай жылабыз. Бул ой толгоолор эл арасында желдей тарап атат. Ошондуктан кырдаал өтө курч мүнөздө болуп баратат. Көзүн май баскандарга каршы акыйкат издегендер бир биримдикке келип атышканы байкалууда. Эки ортодо күкүрт жагылып кете турган болсо, бир заматта өлкө катары жок болуп кетүү коркунучуна барып калбайбызбы? Сактаналы! Эл аралык саясат талдоочулар Кыргызстандагы кырдаалдын кооптуу өңүттө баратканын айтышууда. 4-октябрда карапайым шайлоочулар баардык партияга каршы добушун берип коюшу ыктымал. Себеби, мындай жагдай башыман өткөн. 2005-жылы Кочкор эли баарына каршы добуш беришкен. Бул практикада бар. 

Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты:

-- Бул тууралуу президент коопсуздук кеңешинде “Келаткан шайлоо – бул Кыргыз мамлекети үчүн чоң сыноо. Парламенттик шайлоо бүткүл дүйнөлүк пандемия учурунда болуп атат. Ошондуктан чыныгы атаандаштык, мыйзамдуулук сакталып, таза өтүшү баарыбыз үчүн манилүү” деди. Акыркы окуялардан кийин талапкерлер, партиялар туура жыйынтык чыгарышы керек. Баарыбыз үчүн мамлекеттин бүтүндүгү, мыйзамдуулукту сактоо жана элдин биримдигин камсыздоо манилүү. Мен жүрөгүмдүн түпкүрүндө ишенгим келет, ар бир талапкер, партиялар, саясый күчтөр ошол жоопкерчиликти сезе билет (!) деп ойлойм. Биринчиден, тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө жол бербешибиз керек. Экинчиден, эч кандай провокацияга алдырбашыбыз зарыл. Үчүнчүдөн, эки партиянын кагылышы элдин кагылышына алып келбеши шарт. Мына ошондо гана шайлоо тынч өтөт. Эгер мен айткан ушул үч жагдайдын бирөөсү так аткарылбаса, анда шайлоо үзгүлтүккө учурап, баардык партияга каршы добуш берүү жагдайы орун алат.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер