Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайлоонун шайтан оюну башталды. Биригүүлөр, аркы-берки жээкке өткөндөр...

Шайлоонун шайтан оюну башталды. Биригүүлөр, аркы-берки жээкке өткөндөр...

26-август, 10:50
1 810 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Парламенттик шайлоого даярдык кызуу жүрүп аткан чак. Азырынча саясатчылар консультацияларды жүргүзүшүп, алды кайсы партияларга баш кошору белгилүү боло баштады. Ар кандай саясый күчтөрдүн биригүүлөрү да ачыкталууда. Бул жагынан көшөгө артындагы сүйлөшүүлөрдүн учкай маңызына токтололу.

Оппозициялык маанайдагы “Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Республика” жана “Реформа” партиялары биригүүгө аракет кылышып, бийлик менен күрөшүүгө батынып калышкандай. Шайлоодо протесттик электораттын добушун алууга, каршылык көрсөтүүгө бел байлашканы айтылууда. Иш жүзүндө канчалык деңгээлде каш кайтарышары белгисиз, аягына чейин тура алышабы, же соодалашып кетишеби, аны убакыт көрсөтөт.

“Ишеним” партиясына Сүйүн Өмүрзаков, Улукбек Ормонов, Азиз Турсунбаев сыяктуу бир катар лөктөрдүн чогулуп атканы жашыруун эмес. Бул партиянын республикалык штабын айтылуу Арзыбек Бурканов башкарат экен. 

Ал эми “Ата Журт Кыргызстанга” Бакыт Төрөбаев, Бакыт Сыдыков өңдөнгөн капчыктуулардын армиясы тилизе баштаганы, кыйла таасирдүү күчкө айланышары алдыртан болжонууда. 

Мындай мисалдар өтө эле көп. Аз күндө биригүүлөр толук кандуу такталып калса, биз дагы кошумча маалымат бергенге умтулмакчыбыз. Ооба, сүйлөшүүлөр кызуу жүрүүдө. Бир жээктен экинчи тарапка секиргендер да жок эмес. Айтор, ар бир бийликтин короосунда жүрүшкөн капчыктуу кошоматчылардын үйүр тобу бул ирет да парламентти басып жыгылууга жандалбас урушары белгилүү болуп калды. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер