Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайненем урушуп, кайнатам көчөгө сүйрөп чыгарып салды

Кайненем урушуп, кайнатам көчөгө сүйрөп чыгарып салды

03-апрель, 14:16
1 237 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жандүйнөм жабыркап, ордумда туралбай жаткан абалдамын. Бул окуя кайра-кайра көзүмө элестейт. Уйку жок, уйку тургай жашагым жок негедир. Бүгүн биз кайненем менен бир аз тартыша кеттик. Кайненем өзү 50 жаштагы аял. Мен биринчи келинмин. Бир балам бар, 3 ай болду. Өзүм 20 жаштамын. Кайненем ушул күнгө чейин эмне десе да, какса, урушса да баарына чыдап келгенмин. Чыдабай каяша айтып алдым. Мен каяша айтып алгандан кийин бөлмөнүн эшигин “тарс” жаап чыгып кетти. Арадан эки сааттай өтүп, чоң уруш башталды. Ажылдаган кайненем бөлмөдөгү төшөнчүлөрдү ыргытып, “кет эле кет” дей баштады.

Күйөөм болсо Казакстанда. Бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Кетип калалбай томсоруп отурсам, кайнатам келип “жогол” деп сүйрөп чыкты. Тири шумдук түш көргөндөй болдум. Ушуну менен баары бүттүбү? Мен туура эмес кылдымбы?


Нура

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер