Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстан Ооганстандын жарандарына виза берүү боюнча чектөө киргизди
Кыргызстан Ооганстандын жарандарына виза берүү боюнча чектөө киргизди
23-август, 18:35
1 320 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстан Ооганстандын жарандарына виза берүү боюнча убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу 23-августта өлкөнүн тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы белгилегендей, мындай чара Ооганстандагы соңку аскердик-саясый кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын аймагына кирбеши керек болгон адамдардын өтүүсүнө жана баш калка издеп жаткандардын жапырт кирип келүүсүнө жол бербөө максатында кабыл алынды.
Дипломатиялык жана расмий делегациялардын мүчөлөрүнө кызматтык визалар кадимки тартипте берилүүдө. Ал эми ооганстандык студенттерге виза берүү маселеси макулдашуу стадиясында экени маалымдалды.