Акыркы кабарлар
» Жанирмем » “Эки кызым “ата, ата” деген бойдон кала берди...”
“Эки кызым “ата, ата” деген бойдон кала берди...”
17-ноябрь, 11:42
2 406 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мен 24 жаштамын, эки кыздын энесимин. Жашоом аябай жакшы болчу, күйөөм да мага сүйүп жүрүп үйлөнгөн. Бирок, кеч түшүндүм. Күйөөмдүн мурдакы сүйлөшкөн кызы турмуштан ажыраган кыз болгондуктан, аны алалбай, кайненемдер мени таап, мени алган экен. Өзүм арык, чырайлуу эле жанмын. Бирок, баары бир күйөөм эски сүйгөнүнө кетип калды. Мен бул жашоодо күйөөмө болгону сый-урматымды көрсөттүм. Эки кызым, байкуштарым “ата, ата” деген бойдон калды. Кайненем “чыда” дейт, чыдайм, сабыр кылам, бирок келеби? Ажырашып, кыздарымды жетим кылгым келбейт. Эмне кылсам болот? Оюма ар нерсе келет, кеңеш бериңиздерчи?
Диля