Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары

Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары

11-ноябрь, 19:18
783 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун контекстинде

7. Өнөр-билим наркы – Манас атанын баркы

                                                                           I

Манас доорунда кыргыздын музыка өнөрү кыйла өркүндөгөндүгү баамдалат. Эпостогу фактыларды тарыхый булактар ырастаган учурлар арбын. Кытайдын тарыхый хроникаларында энесайлык кыргыздардын чоор, добулбас, сурнай, керней, ооз комуз, жыгач комуз, чыңыроон, кыяк, коңгуроо, жылаажын, зыңгырама, балдап, балман, дап, жезнай, жекесан, наама ж.б. кырктай музыкалык көптөгөн аспаптары болгондугу жазылып калган («Жаңы Таң жылнаамасы»). Кытайдын тарыхый хроникасынын маалыматынын ырас экендиги «Манас» эпосунан айкын көрүнөт. Маселен, Манас Каныкейди зайыптыкка алмакка Атемир хандын шаарына чоң салтанат менен жөнөгөндө, кудага бараткандардын курамында 100 комузчу, 3 кернейчи, сыбызгы чоор ойногон 37 өнөрпоз, 64 сурнайчы, чымылдак тарткан 50 талант бар. Өзүнчө эле бир чоң оркестр. Өнөрпоздордун алыскы Атемир хандын калаасына жөнөгөн куда жүрүштү шаңдантып, көркүнө чыгарып баратканы эпосто мындайча сүрөттөлөт: 

Керней үнү бапылдап,

Доол согулуп дапылдап.

Сурнай үнү такылдап,

Чилмардан кагып шакылдап. 

Жезнай үнү ызылдап, 

Комуздун үнүн таңшытып. 

Кыл кыягын шаңшытып,

Ырчылар ырын ырдашып,

Бара жатат көй баатыр,

Атемир кандын шаарына.

Кишинин баары кушубак,

Жыргалда болуп ушу чак.

Бул ыр саптары ошол доордо ушул өңдүү түркүн музыкалык аспаптарды жасаган, таланты таш жарган чебер уста, өнөрпоздор кыргыз жамаатында арбын болгондугун, ал аспаптарда ойноого машыккан таланттардын молдугун, демек, ак калпак элдин музыкалык маданиятынын өнүгүп-өскөндүгүн айгинелеп, калкыбыздын ыр-күү өнөрүн илгертен эле жогору баалагандыгын тастыктап берет.


II

«Манаста» «жердин өзү дөңгөлөк, жеткен жан келер жөрмөлөп» деп айтылат. Бул жер шарынын тоголок экендиги жөнүндө байыртан эле элибизде географиялык-астрономиялык маалымат бар экенине айгак болот. Ошондой эле эпосто кыргыздын медициналык маданияты да өз заманынын алдыңкы чегинде тургандыгын баамдоого болот. Мисалы, «Манас» трилогиясын медициналык көз караштан туруп үңүлүп окуп чыккан адис-врач Кадырбек Жекшелаев минтип жазат: «Трансплантация латынча – ташыйм, көчүрөм – органды же ткандарды көчүрүп жалгаштыруу. Трансплантациянын төрт түрү болот. Ксенотрансплантация – ар башка түрдөгү, тукумдагы, отряддагы организмдердин ортосундагы көчүрүп жалгаштыруу, б.а. адамга айбанаттардын органын көчүрүп жалгаштыруу. Албетте, көчүрүп жалгаштыруунун эң татаалы, көп илим-билимди талап кылганы – ксенотрансплантация. Эми ошол ксенотрансплантацияны мындан миң жыл мурда эле биздин ата-бабаларыбыз жасап келгендиги «Манас» эпосунун «Сейтек» бөлүмүндө эскерилет. Канчоро менен Кыяз келишим түзүшүп, бийлик төңкөрүшүн жасаганда, Семетей кайып болуп кетип, Күлчоро теңдешсиз согушта туткунга түшүп калат. Туткунга түшкөн Күлчоронун кечири кесилип, кул болуп, Кыяздын энчисине тийет. Кийин Сейтек эр жетип, кайрадан төңкөрүш жасап, мыйзамдуу бийликке келгенден кийин, Күлчорону ар тараптан мыкты дарыгерлерди алдырып, болгон жакшы дарылар менен дарылатып көрөт, бирок эч бир дары жардам бербейт. Акыры айла болбогондо, Айчүрөк бир кездеги Семетейдин аскердик дарыгери, Семетейдин жан бирге досу Кызылсартка кат жиберет. Кызылсарт келери менен өзүнүн болгон дарылары менен дарылап көрөт, бирок айла болбойт. Ошондо Көк Даңгыт деген итти союп, кечирин кесип, Күлчорого салат. Сыртынан кырма кызыл дарыны кырк күн сыйпайт. Кайнатма кара дарыны да көп жолу сыйпайт. Кыязы, бири азыркы Вишневскийдин мазы сыяктуу, микробго каршы, экинчиси, иммундук системаны көтөрө турган дары болсо керек. Ошону менен Күлчоро айыгып кетет. Бул, балким, адамзат тарыхындагы биринчи трансплантация болсо керек. Миң жыл өткөндөн кийин, ата-бабаларыбыздын жолун жолдоп, трансплантация илимин кайрадан жаңыдан жандандырып жаткан илимпоз врачтарыбызга Кызылсарт атабыздын арбагы колдоп, иштеринде жана жеке турмушунда чоң ийгиликтерге жетишин тилейм!» (К.Жекшелаев. Манас доорундагы илим билим, медицина, адабият-маданият, дипломатия, спорт жана башкалар – Бишкек, 2010, 18-19-беттер). 

Кадырбек Жекшелаев бул таңгаларлык фактыдан башка дагы «Манас» дастанында «Медет», «Эбеп», «Себеп», «Апы», «Үпү», «Кайнатма кара дары», «Кырма кызыл дары» деген сыяктуу ооруну басаңдатуучу, кан токтотуучу, бактерияларды өлтүрүүчү, ириңди тартып чыгаруучу жана башка кайталангыс касиеттери бар кереметтүү дарылар бар экендигин, аларды бүгүнкү медицинада активдүү колдонулган таасири күч «морфий», «промедол», «ихтиоловая мазь», «левомицетин», «тетрациклин» өңдүү дарыларга окшош экендигин фактылар менен талдоо жүргүзүп, ырастап берип отурат. Эпосто Каныкейдин колунда «уйпачы» аттуу ууну соруп алуучу да дары бар. Демек, бул фактылар Манас доорунда кыргыздардын ар түркүн эффективдүү таасири бар, сейрек кездешкен, кайталангыс күчтүү дарыларды жасай билүү өнөрүнө эгедер экендигинен кабар берет. Кээ бир дарыларды чет жактан алып келишет.


III

Кыргыздын боз үйү, түркүн буюмдарга чөгөрүлгөн, түшүрүлгөн не бир керемет оюулар менен кыял-көчөттөр дүйнөдө сейрек кездешкен эстетикалык сулуулук экендиги баардыгына маалым. Кыргыз зергерлеринин, уздарынын, жез оймокторунун, усталарынын колунан бүткөн буюмдар, жасалгалар өзүнүн ажайып кооздугу жана чеберчилиги менен илгертен туран аймактарында даңкталып келген. Көз жоосун алган алтын-күмүш билерик, шакектерди, керемет кемер курларды, жаркыраган жүгөн-куюшкандарды, койкойгон ээрлерди, колодон жасалган кумураларды жасаган өнөрлүүлөр не деген укмуш таланттар. Мисалы, Манас баатырдын кашына алтын-күмүш капталган Ак каңкысынын не бир чебер сомдолгондугун көрүңүз: 

Айкөлүнүн ак каңкы, 

Айманбозго чак каңкы. 

Алдыңкы кашы ак алтын, 

Арка кашы чылк күмүш.

Эки каптал эн темир, 

Эңишке кирсе эңкейбейт. 

Аркасы бийик, зээри пас,

Көмөлдүрүк, куюшкан, 

Алтын таман үзөңгү, 

Урушка кирсе ылайык.

«Орто Енисейдеги кыргыздардагы кол өнөрчүлүк өнүккөн. Анын ичинде металл иштетүү биринчи орунда турган. Улуу державалык доордо кыргыз жоокерлери иймек белдүү алеңгир жаа менен куралданган. Жебенин учуна темирден тык кийгизип, кылоолоп кырын чыгарып, кыйгактуу кылып жасашкан. Кыргыздардын жоокерчилик өнөрү эң бийик өрүшкө жетип, жоо-жарагы өзгөчө өркүндөп өсөт» (Кыргыздар – Бишкек, 1991, 1-китеп, 185-186-беттер). Ушул тарыхый маалыматтын ырас экендигин «Манас» эпосунун өзү да кашкайта далилдеп турат. Мисалы, Манастын айбалтасынын, кылычынын жана сыр найзасынын кандайча чебер исскуство менен жасалгандыгын көрөлү: 

Ташкөмүргө таптаган, 

Как ыргайга саптаган. 

Көөкөрчө кылып ийдирген, 

Кыл кыял чаап чийдирген. 

Чыгарагын алтын сомдогон, 

Чапкан жоосу оңбогон. 

Эшик өңдүү айбалта, 

Кыстарды Манас белине.


***

Көмүрүнө чыдабай, 

Көңкү токой жоюлган. 

Көрүгүнө чыдабай, 

Көк букалар союлган. 

Барскан урган устанын, 

Балтырлары чоюлган. 

Учун кайкы чыгарган, 

Ууга аябай сугарган. 

Түн ичинде сууруса, 

Өрт күйгөндөй кызарган. 

Тоону чапса, таш кескен, 

Белге чапса, баш кескен.

Шиберге койсо, өрт кеткен, 

Шилтегени мүрт кеткен, 

Кылычын кыя байлады.


***

Камыш кыйып каптаган, 

Тарамышка чаптаган. 

Темирин сегиз кырдаган, 

Он эки түрдүү сырдаган. 

Учун ууга сугарган, 

Бөрү тил мизин чыгарган. 

Шамалга тийсе ырдаган, 

Тийген жери ырбаган.

Караңызчы, бул эмне деген укмуштуу куралдар! Кандай гана керемет чеберчилик жана чыгармачылык тапкычтык менен жасалган. Ушул ойго келбегендей куралдарды жасаган укмуштуудай таланттуу кыргыз усталары Бөлөкбай менен Каратаздын кол жеткис бийик өнөрлөрү жогорудагы тарыхый маалыматтагы «Кыргыздардын жоокерчилик өнөрү эң бийик өрүшкө жетип, жоо-жарагы өзгөчө өркүндөп өсөт» деген ойду бекемдеп жатат. Тарыхый чындык менен эпостук образ бири-бирин толуктап отурат. 

Археологиялык казуулардан табылып, дүйнөгө дайын болгон алтындан уютулуп жасалган бугу, куш, жейрен алган илбирс сыяктуу көркөм эстеликтер жалаң эле байыркы сактарга эмес, кыргыздарга да тиешелүү болгон. Кыскасы, кыргыздын байыртан өнүгүп келген керемет кол өнөрчүлүгү, материалдык маданияты Борбор Азия аймагындагы уникалдуу феномен. Уздардын, усталардын өнөрүнөн бүткөн кооз боз үй «Манаста» кандай экенине серп салалы: 

Он эки кабат ордо үйү, 

Түндүгүн түрүп тиктирген.

Ууктарын учтаган, 

Учуна манат тыштаган.

Чийин жибек чырмаган, 

Уук менен кереге, 

Отуз түрлүү сырдаган.

VIII кылымда Таң доорунда Кытайдын Бо Цзюй-и (772-846-жылдар) аттуу элдик акыны кыргыздын ушул өңдүү керемет боз үйүн көрүп, «Боз үй» деген ыр жазгандыгы белгилүү. Бо Цзюй-и: «Мен боз үйдү ак сарайга алмашпайм» («Я вельможным княжеским родам, юрту за дворцы их не отдам») деп кыргыздын боз үйүнө суктанып, көкөлөтө даңазалагандыгы сыймыктуу. 

Манас баатырды полиглот, билимдүү, чечен, дипломат Ажыбай, төлгөчү Кара-төлөк, далы көрүүчү Агыдай, караңгыда жол жүрсө, карсактын изинен жаңылбас Шууту, башында бөркү чоктуу кул, айтар оозу шоктуу кул Ырчы уул, жайчы Алманбет, Агыш, Көгүш сыяктуу аярлар ж.б. өнөрлүүлөр коштоп жүрөт. 

Кыскасын айтканда, Манас баатырдын өз эл-жерин боштондукка чыгаруу үчүн болгон күрөшү, ал түзгөн мамлекеттин кадыр-баркы убагында аскердик-согуштук күч-кубат, патриоттук философия менен гана коштолбостон, көрүнүп тургандай, өркөнү өскөн өнөр-билим менен да коштолгон. 

Өнөр-билимсиз кыргыз жамааты жеңишке жетише албайт эле.

Өнөр-билим Манастын мамлекетинин тиреги болгон.


IV

Эпостогу айтылуу алты ханды эске түшүрөлү. Манаска оппозиция болгон ошол алты хандан элчилер келип, хандардын жазган катын ажонун Ордосуна кийирип жатышат:

Капчыкка колун салышты,

Кандардын берген кагазын, 

Калдайтып сууруп алышты.

Алаканга салышты, 

Арыстандын астына, 

Арызын тосуп калышты.

Манас хандардын катын элчилерден кабыл алып, өзүнө алып келүүнү Сыргак баатырга буюрат. Сыргак катты алып келип, Манас ажонун алдына жаят: 

Сыргак баатыр зымпыйып, 

Ордуна туруп кымпыйып.

Басып келип калганы,

Баягы катты алганы,

Баатырынын астына, 

Барып жазып салганы.

Ойрон болгон султаның,

Окуп-окуп билди эми,

Мыйыгынан күлдү эми.

Мына ушинтип, хандардын катын Манас өзү окуп чыгат. Демек, мунун өзү Манас баатырдын сабаттуу болгондугунун айкын-ачык далили. «Келген катты зор Бакай келиштирип окуган», «Билбегенди билгизген билимдүү экен Акбалта» деп айтылат «Манаста». Демек, Манас баатырдын акылчы насаатчылары акылман Бакай менен Акбалта да сабаттуу.

Эпостогу бул фактылар Манас доорунда кыргыз коомунда сабат ачуу жашагандыгы, демек, кандайдыр бир формада окутуу болгондугу астыртан ачыкка чыгып турат. Бир катар окумуштуулар (Н.Бернштам, М.Ауэзов) Манас баатырдын жашаган доорун байыркы кыргыз-түрк доору (V-IX кылымдар) менен байланыштырышат. Эгер ушул ырас болсо, анда Манас атабыз ошол замандарда колдонулган рун жазуусу аркылуу сабатын ачкан деп айтуу жөндүү болмок. Жакып хан баласын байыркы рун жазуусун үйрөткөн устатка окутууга берген өңдөнөт. Буга дүйнөдөн кайтыш болор алдында Манастын “Бууданды бирге токушкан, беш жылы бирге окушкан, Көкбөрүгө кабар бер” деп Каныкейге айтканы күбө өтүп турат.

Дегеле кыргыз элибизде өнөр-билим илгертен адамга, жамаатка кут алып келе турган улуу кенч катары саналып келген. Калк ичинде «Билим адамдын канаты», «Билимдүүгө дүйнө жарык, билимсизге дүйнө караңгы», «Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат», «Өнөр байлыгы – өлбөс байлык», «Өнөр издегениң – өргө кадам шилтегениң», «Өнөр көпкө да, көккө да жеткирет», «Өнөр – түгөнбөгөн азык, жоголбогон байлык, кемибес кенч» деген өңдүү терең ойлуу макалдар бекеринен жаралган эмес.

Кыргыз эли тарыхтын бороондорунда жалаң жаа, айбалта, кылыч, найза жана дулдулдардын, тулпарлардын гана жардамы менен эмес, өз доорундагы алдыңкы өнөр-билиминин, маданиятынын күчү менен сакталып келген. Өнөр-билим – бул «Манас» эпосунун туу кылып кармаган дөөлөтү. Өнөр-билим – Манас атанын таянган, тутунган асыл-нарктарынын бири. Өнөр-билим аркылуу өргө умтулуу, урпактарды өнөргө, билимге үйрөтүү, тарбиялоо – бул Манас атанын бизге астыртан насааттап турган осуяты. Өнөр-билимсиз улут – канаты жок кушка тете.

Бүгүнкү күндө айкөл Манастын ушул осуятын айныбай тутунуп, замананын түркүн түстүү өнөрүн Бөлөкбай устадай, Ажыбайдай терең үйрөнүү, дүйнөлүк илим-билимге сугарылуу, инновациялык технологияны жетик өздөштүрүү – улутубуздун келечегинин гаранты. Ошондой эле Манастан калган улуттук кол өнөрчүлүгүбүздү сактоо, өнүктүрүү илгертен келе жаткан маданиятыбыздын түптүүлүгүнүн көрсөткүчү болмок. Мына ушул бийик идеялар өлкөбүздүн окуу-тарбия ишинин стратегиясы катары күжүрмөн аракетте турууга тийиш. Адамзаттын учкан куштай кетип бараткан дүйнөлүк поездине билим берүү аркылуу гана отурмакчыбыз. Илим-билим, өнөрлүүлүк биздин улуттук идеологиябыз, сыйынган динибиз болуп калуусу керек. 


Советбек Байгазиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер