Байкеме кат


(Эскерүү эссе)
Белгилүү адабиятчы, публицист Советбек Байгазиевдин “Иниме кат” публицистикалык чыгармасына таасирленип...
Жаркырап тийип турган күндүн бетин кайдан-жайдан келгени белгисиз кара булут каптап, керимсел желди салкын шамал алмаштыра жамгыр шатырата жаап, дүйнө алай-дүлөй түшүп, будуң-чаңга айланды да калды. Башталган нөшөр бат басылып, айлана тунжурай түштү.
Бул жарык дүйнө менен кош айтышканыңа жети жылга аяк басты. Дайыма каткыра күлгөнүң, колдоруңду үйлөп койчу адатыңды ар дайым эстейм. Экөөбүздүн ортобуз эки жаш болчу. Бала кезде тагдырга жараша экөөбүз эки жакта чоңойдук. Мен таенемде, сен чоң энемде. Кээде каникулга келип калганыңда сени ээрчип эркек балдар менен ойноп жүрө берчүмүн. Улуу байкеме караганда, сенин шайыр, бирөө менен бат тил табышкан жагың бар болчу. Байкебиз Бакыт мени кошкусу келчү эмес, сен болсоң ээрчитип алчусуң. Ошол күндөр мен үчүн эң бактылуу күндөр эле. Мага суу мылтык, рогатка жасаганды үйрөтүп, сага кошулуп согуш оюнун да ойнодум.
Бир жолу метептен чөпкө барып, Чоң-Шай деген жерден чөп чогултуп жүрдүк, ал потокто мен да бар элем. Бир убакта сени көтөрүп келишти, бутуң таңылуу экен. Жүрөгүм оозума тыгыла түштү. Балдар менен тамашалашып жатып, бирөө бешилик менен бутка сайып алган экен, бешиликтин эки тиши бутуңдун ары жагынан чыгып калыптыр. Ким сайганын мугалим да, сен да айткан жоксуң, али күнгө чейин ошондо ким сайганын билбейм. Сөзгө туруктуу экениңди ошондо билдим. Ал бут сени көпкө кыйнады. Аксап жүрүп, суу толуп кеткенде эки жолу алдырдың. Акыры “Жыргалаң” санаторийинен дарыланып, айыгып келдиң.
Негизи сен абдан коркок болчусуң, кичинебизде “Бөбөк, сенин жомогуң” көрсөтүүсүнөн жезкемпир көрсөк, экөөбүз тең таенемдин артына жашынып алып, улам көзүбүздү ачып, жезкемпир чыга калган жерден көзүбүздү жаап алчубуз. Кийин мектепте окуп жүргөндө да ар кандай кинолорду көргөн соң, аны аябай талашып талкуулап, кеч киргенде уктай албай кыйналчусуң. Баарынан кызыгы, кийин үйлөнөрдө, мен айткан курбу кызыма үйлөнгөнүң болду. Көрсө, ал да мага болгон ишеничиңди билдиргениң экен.
Эстеп көрсөм, экөөбүз такыр урушпаптырбыз. Мени дайым аяп, жардам берип, каралашып турчусуң. Уулум Аскар да сени таякелеп, абдан жакшы көрчү, азыр ал балдарыңа жардамдашып турат. Кийин чоңоюп, үй-бүлө курганда деле экөөбүз бат-бат катташчубуз. “Байлабастын кабыргасын астым, келип кет” деп ар убак чакырып турар элең.
Бул дүйнө менен кош айтышып кеткениңде жүрөк сыздады, балдарың чыркырап кала берди. Апам сенин кайгыңдан акылдан азып кетти. Айла жоктун иши экен. Кайгырган менен таппадык, артыңда жубайың, балдарың, кызың калды, ошол бизге чоң топук. Дубалын тургузуп кеткен эки кабат тамың буюрса бүткөнү турат. “Ошол үйдүн балконуна отуруп алып кофе ичем” деген кыялдарың орундалбай кетти, аттиң...
Жакшы көргөн кызың Адина сен каалаган окууну бүтүп, жакшы көргөн досуң Уранга келин болду, неберең Исхак чоңоюп жатат. Ибрагим уулуң керилген жигит, милиционер болуп иштейт, көргөндөрдүн баары сага окшоштурат. Кээде үйүңө барып калганда, уулуң каткырса сен келип калгандай үмүттөнө түшөм. Муслим да сага окшош, өзгөчө мүнөзү, эмгекчилдиги. Илияс болсо бой тиреп, мектепти бүткөнү турат. Жубайың Токтокан иштеп, балдарды чоңойтту.
Кээде чогуу иштегендерди, классташтарыңды көргөндө, көзгө жаш тегеренет. Сен каза болгондон кийин көпкө кыйналып, сагыныч эзип жүрдү. Үчүнчү жылы түшүмө кирдиң, экөөбүз таенемдин үйүнүн жанындагы кашаттын кырында туруптурбуз, бир маалда мени кучактап, “сагынба” дедиң, жүрөгүмдөгү кусалыкты ошондо сездим, бир башкача сезим, сагыныч, кусалык... Анан коштошуп жон ылдый чуркап кеттиң. Ойгонсом түшүм экен, жүрөгүм ушунчалык жеңилдеп, кусалыктан арылып калыптыр. Кийин байкасам, ошол кырдан сенин мүрзөң көрүнүп турат экен.
Сары-Сөгөт айылы менен Бел-Алды айылы бир айыл өкмөтү. Эки айыл секиде жайгашкан, ортосун жайы-кышы шаркырап аккан Бел-Алды суусу бөлүп турат. Таенемдердин үйү берки айылдын кырында отурукташкан. Мурун айылга сары автобус каттачу, биз кашаттан ылдый түшпөстөн, кырда туруп алыстан сары автобустун тумшугу Сарматтын үйүнүн жанынан көрүнгөндө гана кырдан ылдый түшөт элек, себеби, автобус суунун жээгине токточу, айылга чыга алчу эмес, кээде келбей да койчу. Ошол кырда отуруп кээде автобусту кечке күткөн күндөрчү? Сары автобус биз үчүн кандайдыр башка дүйнөгө алып барчу сыйкырдуу кораблдай эле сезилчү. Чындыгында ошондой экен. Кийин экөөбүз тең ошол сары автобус менен шаар деген сыйкырдуу дүйнөгө жол алганбыз.
Азыр да Бел-Алды суусунун шарын угуп, сары автобустун тумшугу көрүнчү жерде түбөлүк уйкуда жатасың.
Сен кеткени дүйнө башкача болуп калды. Сенин каткырыгың, камкордугуң, акыл-насаатың жетпей, жүрөгүмдө чоң боштук калды. Күндөр өтсө да, сен менен болгон таттуу көз ирмемдер эсимден кетпейт. Биз чогуу күлгөн, сүйлөшкөн, кеңешкен учурларым жүрөгүмдө түбөлүк сакталат.
Сен мага дайыма үлгү болуп, чыныгы күч-кубат эмне экенин көрсөткөнсүң. Жашоонун ар бир кыйынчылыгына сабырдуулук, акылмандык менен мамиле кылууну сенден үйрөндүм.
Жайың бейиштен болсун! Биз сени унутпайбыз, дайыма жүрөгүбүздө сактайбыз.
Рысбү Шаршенова, И.Раззаков атындагы КМТУнун улук окутуучусу
"Азия Ньюс" гезити











