Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Байтик Дөөлөталы уулу: “Коррупциялык схемаларды жоё албасак, анда оңбой калабыз”

Байтик Дөөлөталы уулу: “Коррупциялык схемаларды жоё албасак, анда оңбой калабыз”

06-декабрь, 13:32
1 072 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Редакциябызга Байтик Дөөлөталы уулу башбакты. 72 жашты таяп калса да баскан-турганы тың аксакал учурда өлкө абалына көз чаптырып, мамлекет тагдырына кайдыгер эмес экенин жана жүйөлүү кептерин айта отурду.

-- Байтик аксакал, сөздү эмнеден баштаганы турасыз?

-- Сөздү коррупциядан баштаганы турам. Себеби, кайсы гана жерди айтпа, биздин өлкө бүтүндөй коррупцияга малынды. Бу жагы айылдык кеңештен баштап, тиги жагы өкмөтүбүзгө чейин. Өңгөсүн койдум, Чүй боорунда эле 14 миң гектар, анын ичинде жайыт жана айыл чарбасына багытталган жерлерди эгемендик алган жылдардан бери мыйзамсыз түрдө биргелешип сатышты. Ошол эле айыл өкмөттөн баштап райондук администрация, сот, прокуратура болуп. 

-- Кандай жолдор менен?

-- Өткөн кылымдын 90-жылдары орус, немис улутундагылар жапырт бирөөсү Россияга, дагы бирөөсү Германияга кете баштады. Үйлөрүн жана үлүш жерлерин саткандар сатып, сата албай калгандар мындай эле таштап кетишти. Мына ошол таштап кеткендердин үйүн, жер үлүшүн жергиликтүү бийлик жалган документтерди жасап, түштүктөн, түндүктөн жер которуп келгендерге бери жагы 5 миң, ары жагы 10 миң доллардан сатышкан. Ошондо эсептеп көрүңүз, бир нече миллиарддаган доллар мамлекетке зыян келтирилген. Ушул жаатты териштирген жан барбы? Жок. 

-- А өзүңүз аракет кылып көрдүңүзбү?

-- Ооба, аракет кылып көрдүм, дале аракет кылып атам. Атамбаевге, Жээнбековго, азыркы бийлик башындагыларга кайрылып келем. Коррупциялык схема кылып алган, жол жок. Жазасың, жазганда да Жогорку сотко. Ал жак облуска, облус районго. Райондун прокурору карап, “соттун чечими бар экен. Сиз облуска же Жогорку сотко кайрылыңыз” дейт, түгөнбөс айланкөчөк, түгөнбөс көйгөй айланды. 

-- Байтик ага, бул түгөнбөс көйгөйдөн чыгуу жолу барбы?

-- Бар, бөркүмдөй көрөм. 

-- Кантип?

-- Жакшы суроо. Азыр конституциялык кеңешме жүрүп жатат. Биздин Башмыйзамга бир гана өзгөрүү киргизишин суранат элем: өлкөнү президент гана башкарып, өзүнүн командасын курап, беш жылдык мөөнөткө шайланып келсин. Баардык жоопкерчиликти өз командасы менен мойнуна алсын дагы, “эгер алган милдеттенмелеримди, анын ичине коррупциялык схемаларды жоё албасам, мени жана кураган командамды кааласаңар атып салгыла, кааласаңар ташбараңга алгыла!” десин. Мына ошондо өлкөдө тартип орнойт, баардык жакта өнүгүү болот. Коррупциялык схемалар бүтүн жоюлат эле. 

-- Ал эми Кытайдын карызынан кантип кутулабыз?

-- Эгемендүүлүктү алгандан бери биздеги 44 райондун өз алдынча базары бар. Аларга ким ээлик кылат? Ошол эле мыйзамсыз, бийликтин аркасы менен ээлеген коррупционерлер. Бул базарларда 200 миңдин тегерегинде адамдар ижарага орун алып иштетишет. Ижара акысын базардын ээси, коррупционер алат. Мамлекетке жыргатып салык төкпөйт. Ошол 200 миң адам базар ээсине ижара акчасын бергенден көрө мамлекетке төксө, жакынкы жылдары Кытайдын ж.б. чет элдик карыздардан кутулмакпыз.

-- Базар ээлерин эмнеге “коррупционер” деп атасыз?

-- Анткени, базарды менчиктештирип алган ээлерин, алардын тарых-таржымалдарын казып келсе бештен белгилүү болот. Маңдай тери менен базар кургандар миңден бири гана чыгат. 

-- Жогорку Кеңеш эмне болот?

-- Бул жагынан да бир сунушум бар: алакандай өлкөбүзгө 120 депутаттын кереги жок. Жети облустан бирден, Бишкектен экөө, Ош шаарынан бирөө, жалпы жонунан ЖКга 10 депутат жетиштүү. Депутаттардын саны канчалык аз болсо, ошончолук буларда да жоопкерчилик чоң болот жана жемиштүү иштемек. Азыркыдай “чимкирик” депутаттар жок болмок.



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер