Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “Үчүнчү дүйнөлүк согушка баратабыз”

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “Үчүнчү дүйнөлүк согушка баратабыз”

02-июнь, 21:31
727 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Токтогул агай, ошентип, Трамптын Россия-Украина боюнча айткан сөздөрү суу кечпей калдыбы? 

-- Трамп “мен президент болсом үч күндө тынчтыкты орнотом” деген, бирок согуш жүрүп жатат. Стамбулдагы кеңеш жыйынтыкка келе элек. Трамп Украинага берген жардамдын эсебинен ондогон эсе пайда көрөт. АКШнын негизги кызыкчылыгы аткарылды. Украинанын сейрек кездешүүчү кен байлыгын колго алышты. Ошондой эле калган курал-жарактарды да Украина сатып алышты болуш керек. Анткени, ЕС өжөрлөнүп Зеленскийди колдоо боюнча айтканы – каражатты көбөйтөбүз, орто тең ракеталар менен ВСУну жабдыйбыз (!) деп куралды жеткизе башташты. АКШ, ЕС ВСУга Россия Федерациясынын Урал, Сибирь, Алыскы Чыгыштагы жайгашкан завод, курал-жарак кампаларды талкалаганга жол алды. Мындай өзгөрүшкө Россиянын президентине буйрук берди. Эгер ракеталар Россияга карай атылса, ассиметрично жооп беребиз деп. Демек, ракета берген Франция, ФРГ орус ракеталарынын бутасы болот. Бул жол үчүнчү дүйнөлүк согушка алып барат. Америка Украинадан баш тартканы РФ, КНДР, КНРдан чочулап атат. Тогузунчу майга карата КНР Москва Аскердик округуна үч бронетанкалык ракеталык дивизия киргизген. Демек, Батышка куралдуу каршылык көргөзгөнгө Россиянын шериктештери даяр.

-- Мындай абал Кыргызстанга кандай таасир этет?

-Биз ОДКБ уюму менен мүчөлүк милдеттенмелерибиз бар. Эл аралык абал кескин түрдө өзгөрүлсө, биздин абал да өзгөрүүгө учурайт. Алдын ала МЧС курамындагы граждандык коргонуу маселени көңүлдөн чыгарбаш керек. Коркунуч суранып келбейт, ал капысынан жаралат...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер