Алтынбек Жунус уулу, ЖК депутаты: “Ары-бери секире бергенге кызыкдар эмесмин”

-- Алтынбек мырза, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы шайлоого барар- барбасы али анык билине элек. Жеке өзүңүздүн шайлоого катышайын деген оюңуз барбы?
-- Бакыт Эргешович менен партия алдыдагы парламенттик шайлоого барар- барбасы жөнүндө чогуу отуруп кеңеше элекпиз. Бирок, жергиликтүү кеңештердин шайлоолоруна барабыз. Апрель айында Балыкчы жана башка шаарларда шайлоолор өтөт. Ошондо “Өнүгүү -Прогресстин” талапкерлерин катыштырып көрөбүз. Эгер жеңишке жетишчү болсок, отуруп кеңешебиз. Айтор, даярдыктын деңгээли ошол шайлоодо билинет да. Шайлоо боло электе айтыш кыйын. А мен өзүм идеясын колдоп, ушул партияга келгем, ошол бойдон эле туруктуумун.
-- Бирок, айрым кесиптештериңиз шайлоо болушун күтпөй эле башка партиялардын этегин кармап, учкаша башташты го?
-- Мен башка партияга кете турган болсом дагы Бакыт Эргешович менен кеңешип, анан чечем. Ары-бери секире бергенге кызыкдар эмесмин.
"Азия Ньюс" гезити