Эдил Байсалов: “Депутаттык корпустун жарымы аялзатынан болушу керек”

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары менен маек.
-- Эдил мырза, мен интернет булактардан окуп калдым, айылдык жана шаардык кеңештердин төрагалыгына аялзатынын өкүлдөрү аз шайланып жатканын айтыптырсыз. Алардын санын көбөйтүү үчүн кандай иш-аракеттер зарыл деп эсептейсиз?
-- Бизде аялзатынын өкүлдөрүнүн арасында жетекчилер аз. Бул боюнча президенттин да маалыматы бар. Өкмөт аралык комиссиялар болот, ошонун алкагында биз көп жолу Араб өлкөлөрүнө барып калабыз. Американы, Европаны айтпай эле коёлу, Сауд Арабиясына барганда биз тараптан жалаң эркектер отурушса, алардан эң эле жок дегенде кырк пайызы аялдар... Бул ичти ачыштырган көрүнүш. Анткени, биздин апаларыбыз, эжелерибиз дайыма мамлекеттик иштерге активдүү катышып келишкен. Ошондуктан, азыр 35-45 жашка чейинки кыз-келиндердин резервин түзүп жатабыз. Алар боюнча атайын программа жүргүзүлөт. Биздин максат – дагы беш-он жылдан кийин аялдардан мыкты министрлер, губернаторлор, мэрлер чыгышы керек. Албетте, жергиликтүү кеңештерге 42 пайыз аялдардын өкүлдөрү шайланды. Бул өтө жакшы көрүнүш, депутаттык корпустун дээрлик тең жарымы. Бирок, мен акыркы маалыматтарды ала элекмин, тилекке каршы, жергиликтүү айылдык, шаардык кеңештердин төрагалыгына келгенде, биздин эже-карындаштарыбыз шайланбай калууда. Өздөрү каалабай жатабы, же аларды шайлабай жатышабы, айтор, кандай болгондо да бул биз үчүн мүчүлүштүк деген ойдобуз.
-- Квота иштеп жатабы?
-- Иштеп, Кудай буюрса, азыркы абал жакшы. Бирок, ал убактылуу чара да. Отуз пайыз деген бул минимум. Акыйкаттыкка, теңдикке умтулсак, депутаттык корпустун жарымы аялзатынын өкүлдөрү болушу керек.
"Азия Ньюс" гезити