Бакытты өз колуң менен сындырдың. Эми кеч...


Сага көнүп алыптырмын. Эмнегедир түбөлүк бирге болчудай сезимде элем. Жандилим менен сага ишенип алыпмын. Менин байкуш сезимим...
Сен мени таштап кеткенде кар алдында үшүп калган гүлдөй эле болдум. Соолудум. Ыйладым. Бир аз күндөй жашоо токтоп калгандай болду.
Келечегиме чоң кыялдарды түзүп алыптырмын. Бактылуу турмушту, бактылуу үй-бүлөнү элестетипмин. Жаңы тапкан сулууң менчелик кадырыңа кайдан жетсин?!
Бүткүл өмүрүмдү сени бактылуу кылууга арноого даяр болчумун. Ал бакытты өз колуң менен быркыратып сындырдың. Ооба, телефонуңдун жашылы жанып турат. Мыйыгыңан жылмайып, балким жалдырап мени жазат (!) деп отургандырсың. Жаңылышасың, сууган сезим эч качан кайра жылыбайт. Мен сага жазбайм дагы. Издебейм да. Ортобуздагы бакыт, бактылуу күндөр баары бүттү. Эми баарына кеч...
"Азия Ньюс" гезити











