Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азат Равшан: “Атам кошоматчы аткаминерлерге окшоп жашынып отурса камалмак эмес”

Азат Равшан: “Атам кошоматчы аткаминерлерге окшоп жашынып отурса камалмак эмес”

14-июнь, 11:59
968 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азат Равшан – коомдук ишмер, белгилүү саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу. АКШнын Сиракуз университетинин Уитман бизнес мектебин аяктаган. Адистиги боюнча финансы менеджери.

-- Коронавирустан кийин Америкадан бейкуттук качкандай. Адамдарда, экономикада кандай өзгөрүүлөр болду?

-- АКШнын экономикасы калыбына келе жатат, бирок эксперттер толук калыбына келтирүү үчүн бир нече жыл керек экенин айтышууда. Aмерикалык экономиканын маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири – жумушсуздуктун деңгээли болуп эсептелет. Коронавируска чейин жумушсуздуктун деңгээли 4 пайыздын тегерегинде же 7 миллион адам гана ишсиз болчу. Пандемия башталгандан бери жумушсуздук 14,7%га көтөрүлүп, 23 миллион адам бош калды. Айрыкча афроамерикалыктарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө чоң зыян келди. 

Жумушсуздук жана экономиканын начар абалы, коомдо көптөн бери чечилбей келе жаткан теңсиздикке байланыштуу нааразычылык жаралып, азыр жарандар каршылык көрсөтүшүп, сот жана полиция тармагында реформаларды талап кылууда. 

Бүгүнкү нааразычылык акциялары узак мезгилдер бою болуп келген адилетсиздиктин натыйжасы. Эл өзгөрүүнү талап кылууда. Бул көйгөйдүн чечилиши өтө татаал, бирок мен “америкалыктар өз чечимдерин табат” деп ишенем. Себеби, алар демократиялык тутумду орнотушуп, мындай жагдайларды чечиш үчүн туура башкаруу системасын куруп алган. 

-- Биздин Кыргызстандын экономикасына кандай аналитикаң бар?

-- Биздин экономика коронавируска чейин эле кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткан. Эсиңерде болсо, январь айында эле биздин өкмөт бюджет дефицитин толтуралбай калган. Коронавирустан кийин абал ого бетер начарлады. Экономикабыз мигранттардын акча которууларынан кыйла көз каранды, анткени, бул биздин ИДПнын 30%ын түзөт. Мисалы, 2019-жылы мигранттар жалпысынан 2,6 миллиард доллар жөнөтүшкөн, демек, айына болжол менен 216 миллион доллар. Биздин мигранттар 2020-жылдын март айынан баштап иштебей калышты. Үч айдын ичинде экономикалык иш-аракет 648 миллион доллар жоготту. Бул сан биздин экономиканын 30%ын гана түзөт. Анүстүнө коңшуларыбыз менен чек араларды жабуу, импорттун төмөндөшүнө жана туризм тармактарынын токтоп калышына алып келди

-- Кризистен чыгуунун кандай жолдорун көрүп турасың?

-- Учурдагы экономикалык кризисти чечүү өтө татаал, бирок биздин өкмөтүбүз эл аралык деңгээлдеги билимдүү, профессионал адамдарды тартып, төмөнкү маселелерге көңүл бурушу керек:

1. Жакынкы үч жылга экономикалык кризистин планын сунуштап, ага бекем кармануу; 

2. Мамлекеттик кызматчыларды 30-40% кыскартуу жана мамлекеттик бюджеттин ашыкча чыгымдарын жоюу;

3. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан сыяктуу эң жакын коңшулар менен чек араларды ачуу жана мамилелерди оңдоо. Азыркы иштебей жаткан бажы биримдигинен чыгуу керек, себеби, бул адилетсиз биримдик болуп калды. 

4. Европа бирлиги жана Америка менен мамилелерди кайра турукташтыруу. Анткени алардан башка азыр бизге көптөрү каржылык колдоо көрсөтө алышпайт;

5. Энергетика жана чек арага байланышкан баардык коррупциялык схемаларды түп орду менен жоготуу;

6. Баардык саясый репрессияларды, активист жана блогерлерге басымды токтотуу жана адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерди кайрадан колдоо. Анткени мындай мезгилде адамдар адилетсиздикке чыдабайт.

-- Коомдук ишмер Равшан агабыздын сот иштери кандай болууда? Жакын арада чыкчудайбы?

-- Бийликтен атамды токтоосуз бошотуп, сот ишин коомчулукка алып чыгып, Кой-Таштагы кырдаал кандайча өркүндөгөнүн кыргыз элине ачык далилдеп берүүнү суранам. Ошол түнү атам баатырдык кылган. Бийлик экс-президенттин үйүн басып жатканда, атам жана үй-бүлөбүз болуп Фейсбуктан көрүп отурдук эле. Бирок, абал курчуп кеткенде атам “барбасам кан төгүлүп, согуш чыгып кетет” деп бизди укпай кетип калган. Ошол жакка барып, барымтага алынгандарды бошотуп, жардам берип жүргөнүн баары эле видеолордон көрүштү. Атам деле азыркы сабатсыз жана кошоматчы аткаминерлерге окшоп үйүндө бекинип калса болмок, бирок, атам Кыргызстандын коопсуздугу жана мамлекеттүүлүгү үчүн жанын да аябайт. 

Атамдын камалышынын чыныгы себеби: ар дайым акыйкаттыкты, сөз эркиндиги жана адам укуктары үчүн бийликтин жана президенттин бетине айтып келген. Атамдай ачуу чындыкты айткан саясатчыларды “келе жаткан шайлоодо тоскоол кылбасын, элдин бийликке болгон нааразычылыгын ачык айтпасын” деп камап салды. Тарыхта бийлик азыркыдай элдин көйгөйүн укпай жүргөн убакыттар болгонуна баарыбыз күбөбүз. Андай кландар эмне болгонун эч ким унута элек...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер