Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Энергетика министри Таалайбек Ибраев сөзүнө турбай, светти өчүрө баштады

Энергетика министри Таалайбек Ибраев сөзүнө турбай, светти өчүрө баштады

10-октябрь, 19:30
719 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Жайы менен Чүй облусунда, башка аймактарда да маалы менен жарыкты өчүрүп келишти. Сурасаң, “ремонт иштерине байланыштуу” деп жооп беришет. Эми да кайрадан “ит оорусун” башташууда. Бишкек шаарынын айрым райондорунда, жаңы конуштарда, Чүй облусунда ж.б. аймактарда свет өчүп атат. Ар кандай убактарда. Суук жакындап келатат. Мындай чектөөгө көпчүлүк нааразы боло башташты. Энергетика министри Таалайбек Ибраев “свет өчпөйт” деп ишендирген. Орун басары да озунуп, “5 кВт үзгүлтүксүз берилет, бейчеки өчүрүлбөйт” дегени да жалган экен. “Калп ырыс кесет” демекчи, булар элди алдоо менен ансайын кыжыр келтирүүдө. Кечке маал, караңгы киргенде чектөөлөрдү келтире башташканы ансайын түйшүк жаратууда. Карапайым эл жакырчылыктан, жетпеген оокаттын айынан ансыз да кыйналып, күнүмдүк көртирликтин запкысы менен зарыга жашап атат. Анан жарык өчсө, элестет... Эгерде бул көрүнүш күчөй берсе, арты кандай аяктайт?.. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер