Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм улам бир мүчөмдү сындырат. А мен Инстаграмдагы жомок жашоону элестетем...

Күйөөм улам бир мүчөмдү сындырат. А мен Инстаграмдагы жомок жашоону элестетем...

14-июль, 11:35
2 672 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Мезгил агымы” тайпасына жашоодан азап тарткан Назира аттуу айымдын каты жарыяланды.

Манжаларым эч нерсе сезбей жатабы же ооруп жатабы? Тызылдагансыйт. Тызылдаса, демек, кан жүгүрүүдө. Демимди чыгарбай жатып ушуларды ойлодум. Колумду кыймылдатып көрсөмбү, жок, сынып түшүп калса да жата берейин. Сени ойготуп алып, тозоктун баары башынан башталбасын. Үйдүн ичи муздак, балдар тоңду го. Атасын ойготуп албайын деп алар деле дымы чыкпай жатышат да. Эртең кандай маанайда ойгонор экенсиң?

Интернеттен ырчылардын жакшы кийимдерди кийип алып, күйөөлөрү менен жетелешип түшкөн сүрөттөрүн көрүп суктанам. Жаңы төрөлгөн балдарына атайын фотосессия кылып, сонун сүрөттөрдү чыгарышат го. Ошондой жыргал жашоо чынында эле барбы? Же калп эле бактылуу болумуш болушабы?

Балдарымды аяйм, апам да убагында бизди аяган чыгар? Атам ичип келгенде жырткычтан качкан коёндой эле тыпырап баарыбыз кирерге тешик таппай калчубуз. Баарыбыз туш-тушка качып кетип, атамдын колунда жалгыз апам калар эле. Апама болушсак бизди кошо сабайт, коркуп, бекинген жерлерибизден чыкчу эмеспиз. Бир топтон кийин жоолугу шыпырылып чачы саксайган, бети-башы көк ала болгон апамдын жанына барчубуз. Азыр ойлосом, биз апабыздын ыйлаганын көрчү эмеспиз. Бир жолу эле иним катуу ооруп калганда, апам түнү менен чекесин сылап, ар кандай дары берип отуруп, анын дене табы түшкөндө оор үшкүрүнүп алып, көпкө ыйлаган. Ошондо “апама эмне болду, атам урган деле жок го” деп таң калган элем. Азыр өзүм анын ордунда. Бакыт мени токмоктосо да мейли, 4 баласына колу тийбесе экен деп тиленем. Бакыт, хмм... Атын эмнеге Бакыт коюшкан? Бакыт эмей эле Тозок коюшса жарашмак.

Мектепте орто окудум, апамдын биздин окуубузга көңүл бурганга чамасы деле жок болчу. Мугалимдер эптеп “3” коюп, аттестат алып беришкен. Бир күнү эле үйгө аяш атам келип, мени баласына алып берерин айтып, достор ошол күнү дагы кечке ичип отурушту. Азыр жанымда жаткан Бакыт ошол аяш атамдын баласы. Бир айылдын балдарынын “атаманы” эле. Балдар ошол айылдагы кыздар менен сүйлөшүш үчүн андан уруксат алып, “тамагын майлап” кетишчү. Анын токмогунан канча баланын көзү көгөрдү. Өзүм ошол көк муштум жигитке аял болуп, бир арык кой, бир жашик аракка “соодаланып” кеттим.

10 жыл ичинде 4 балалуу болдук. Күйөөмдүн мени сөккөнү жаңылык деле эмес, аялдардын тагдыры ушундай экен дечүмүн. Анан эле Инстаграмда эмне болгон жетелешүү, сүйүү? Түшүнбөйм.

Бакыт мени биринчи жолу кабыргамды сындыра сабаганда ызаланып милиция кызматкерлерин чакырттым. Денемдин ооруганынан өлүп каламбы? деп ойлогом. Милиция келип жолдошумду кармап кеткенде, "ии, ырас эле кылыптырмын" деп өзүмө ыраазы болуп калгам. Бирок үч күндөн кийин бошонуп үйгө келип, кабырга эмес, бутумду кошо сындыра сабап салды. Көзүмдү жалдыраткан бойдон кала бердим. Азырынча балдарыма кол көтөрө элек, ылайым көтөрбөй эле койсун. Экөөбүздүн эзилише сырдашып, каткырып сүйлөшүп отурганыбыз деле эсимде жок. Теңтуштар менен Бакыт укмуш тамашалашат. Отуруштарда менин бар-жогум деле билинбейт, анткени көбүрөөк сүйлөсөм үйгө барганда “сен тигиге эмне айтасың? Ашыкча сүйлөдүң!” деп жинденет.

Маанайы жакшы учурда чай үстүндө балдардын окуусун сурап калат, анда жөжөлөрүм сүйүнөт. Үйдү жаңырта каткырып, чаң салып ойношпосо да жүздөрүн жылмаюу аралап, “аталап” калышат. Мага ошол эле жетиштүү. Мени сүйбөсө койсун, балдарына күйсө болду.

Башым ооруйт. Ии, бул дартты да күйөөм тартуулаган. Дубалды сүздүрө берип эстен танганда ооруканага алып барган, врачтарга “жыгылып кетип, башы тепкичтин кырына тийди” дептир. Эсиме келсем палатада милиция кызматкерлери, врачтар, анан күйөөм бар экен. Мээм чайкалганын айтып жатты врач. Мага үңүлгөн милиция кызматкерин карап көзүмдөн жаш сызылды. Баарын түшүндү, көздөрүнөн окудум, бирок унчуккан жок. Жардам бере албайм дегенсип көзүн ала качып, “жолдошуңуздун айтканы чынбы? Тепкичтен кулап кеттиңизби?” деди. Бакытты карагандан да корктум, айласыз гана баш ийкедим. Жок деп чыксам баягыдай эле 3 күнгө камалат, кайра келип менин шорумду кайнатат да.

Бир айылда болгондон кийин менин кандай азапта жашап жатканымды ата-энемдер билбейт дейсиңерби? Билишет, бирок жардамга чуркашканы жок. Ал үйдө да жолдошума окшогон атам бар. Теңтуштардын аялдары мени аяшып, “кетип кал” дешет. Кетип кайда барам? Кара жумуш жасап кыйрата турган ден соолугум болбосо, кеңседе ручка кармап койкоюп отургандай билимим жок болсо. Кыйналсам да балдарымдын кашында болоюн.

Ох, колум. Кечинде жасаган тамагым казандын түбүнө тартып кеткен үчүн күйөөм эки колумду жерге койдуруп, талпайган батинкеси менен үстүнөн тебелеп таштады. Ооруну сезбей көнүп калды деген менен жаным колумдун манжаларынан чыгып бараткандай тыпырай түштүм. “Кечирип кой, экинчи тамакты күйгүзбөйм. Бакыт, кечирип койчу...” Менден каалаган сөзүн уккандан кийин ошол эле тамакты жеп курсагын тойгузду да, жатып алды. Анын уйкусун бузбашыбыз керек, бузсак жаңжал. Кудайдын курутун уурдадым беле, ырыскым болсо дагы жашаармын, колум айыгар. Негизгиси, балдарым Инстаграмдагы мен үчүн жомок болгон бактылуу жашоонун, сүйүүгө толгон сүрөттөрдүн ээси болсо экен. Кой, уктайын, эртең Бакыт жакшы маанайда ойгонсо, бир күн болсо да тынч жашайбыз...

Назира 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер