Акыркы кабарлар
» Жанирмем » 10 айлык кызым менен башка жигиттен бакыт таба аламбы?
10 айлык кызым менен башка жигиттен бакыт таба аламбы?
14-август, 21:16


10 айлык кызым бар, мурдагы жолдошум менен ажырашып кеткенбиз. Азыр бир жигит мага үйлөнөм деп жүрөт, кызым менен кошо кабыл алууга даяр экенин да айтып жатат.
Анын бир карындашы бар экен, ал дагы баласы менен ажырашкан. Ошол карындашы “эгер агама турмушка чыксаң, кызыңа агам мээрим төгөт, бактылуу жашап кетесиңер” деп колдоп жатат.
“Бир айдан кийин Бишкекке алып кетем, өзүнчө бөлүнүп жашайбыз” дейт. Бирок мен азырынча чечим чыгара элекмин, кызым менен чын дилинен жакшы мамиле кылып, өз баласындай көрө алабы? Ушуну ойлонуп жатам.
Баласы менен турмушка чыккан айымдар барбы? Кандай тажрыйба болду? Ортодогу мамиле кандай өнүккөнүн билгим келет. Кеңеш берсеңиздер абдан ыраазымын.
Нуриза
"Азия Ньюс" гезити











