Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Бейшеналиев 17 медициналык окуу жайды жабууну көздөп жатат

Министр Бейшеналиев 17 медициналык окуу жайды жабууну көздөп жатат

16-февраль, 18:24
546 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы 17 жеке менчик медициналык окуу жайды жабууну көздөп жатат.

Ал Sputnik агенттигине берген комментарийинде өлкөдө ак халатчандарды даярдаган үч мамлекеттик окуу жай бар экенин эске салды. Алар: Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз-Россия Славян университети жана ОшМу. Акыркы экөөндө медициналык факультеттер бар.

"Акчалууларга тийешелүү жеке окуу жайлар иштеп жатат. Алар жоюлуп, студенттери башка окуу жайларга которулат. Орун баарына жетет. 1-сентябрга чейин бардык окуу жайларды оптимизациялап бүтөбүз деп үмүттөнөм" деди министр.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 21 медициналык окуу жай болсо, төртөө гана талапка жооп берет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер