Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анын арбагы дагы келди, мени кайдадыр чакырып жатат...

Анын арбагы дагы келди, мени кайдадыр чакырып жатат...

10-март, 13:41
1 804 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Андан бери жүз жылдар өтүп кеткенсиди. Биз мындан жүз жылдар мурун таанышкандайбыз. А чынында он жылдан ашык убакыт өтүптүр. Менин жашоомдо кезиккен, мага жолуккан биринчи да, акыркы мен сүйгөн адам болуп кала бердиң. 

Башында мен бактылуу жаралган кыз болчумун. Кичинекейимден иним экөөбүз ата-энемдин мээримине бөлөнүп, барчылыкта чоңойдук. Бала кезибиз бактылуу өттү. Эл барбаган чет өлкөлөргө барып, эл кийбегенди кийип чоңойдук. Мектепти аяктаган соң эң мыкты жогорку окуу жайлардын биринин экономика факультетине өттүм. Окууларым дагы ийгиликтүү эле. Ооба, анын баары сен жолукканга чейин эле...

Экөөбүз бир университетте окучубуз. Ошончо жүздөгөн жигиттердин арасынан сени жактырып калганым ай! Менин сезимимди билген курбуларым тез эле жолун таап, тааныштыра коюшту. Акыл-эсим аңтар-теңтер болуп, сүйүүнүн азабын да, кубанычын да, зарын да тарта баштадым. Бир күн бактылуубуз, эртеси урушабыз. Бирок, биз баары бир бактылуу элек. Биз күткөн турмуш куруу сааттары да жакындады. Бирок, биздин сүйүүбүзгө ата-энем таптакыр каршы чыкты. Мен алардын өз канынан жаралган баласы болсом да, ата-энемдин, өзгөчө апамдын байлыкты ушунчалык жакшы көрөрүн жактыра берчү эмесмин.  Акыры апамдын ошол сапаты менин бактыма балта чапкансыды... 

Азаматтан ата-энем ажыраткан соң, мен үчүн баары бир эле. Дүңгүрөтүп той берип, бир байдын баласына турмушка узатышты. Заңгыраган үй – баары турат, бирок, мен бактысызмын. Бактылуу болуп кете албадым. Кайдандыр эле Азамат мени чакырып жаткандай сезилет. Мурда биз жолугуп жүргөн жерде күтүп тургансыйт. Менде ошондой сезим болот. Баардык ишимди токтотуп, ошол жакка баргым келип эңсейм. Убакыт таап барам, бирок ал жок. Унаа айдап баратсам элеси кошо чуркап ээрчип келе жаткандай сезилет. Унаамды токтотуп карайм, бирок ал жок. Баскан-турган жеримде ал жүргөнсүйт, бирок жок. Үрүл-бүрүл түшүмдө көрөм. Кайдадыр мени чакыргансыйт... Жакында группалаш кызыма жолугуп, суук кабар уктум. Азамат автокырсыктан каза болуп калыптыр. Денем “дүр” дей түштү. Анда бассам-турсам мени Азаматтын арбагы коштоп жүрөбү? Мени кайда чакырып жатат?.. Бул көрүнүштү күн сайын байкачу болдум. Молдолорго же ооруканага барсамбы дейм, бирок ал көрүмчүнү жоготуп алуудан корком. Анткени ал мен сүйгөн көрүмчү...

Нурай БУРКАН кызы
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер