Искендер Шаршеев, экономист: “Мигранттардын кайта башташы жакырчылыкка алып келиши мүмкүн”
-- Россиядагы мигранттарыбызга улам чектөөлөр киргизилип, мекенине кайткандар арбыды. Мындай көрүнүш улана берсе, өлкөбүздө жумушсуздук, жакырчылык дагы күчөбөйбү?
-- Ооба, Россиядагы миграциялык чектөөлөрдүн күчөтүлүшү, кыргызстандык мигранттардын мекенине кайтып келиши жумушсуздук жана жакырчылык деңгээлинин өсүшүнө алып келиши мүмкүн. Мигранттардын кайтып келиши эмгек рыногунда атаандаштыкты күчөтүп, жумушсуздук деңгээлин жогорулатышы ыктымал. Мындан тышкары, мигранттардын которгон акча каражаттары азайса, бул жакырчылык деңгээлине терс таасирин тийгизет.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы эки жылда жумушсуздардын саны 7,7%га кыскарган. Бирок, мигранттардын кайтып келиши бул оң тенденцияны өзгөртүшү мүмкүн. Мындай кырдаалда өкмөттүн активдүү чаралары зарыл. Иш менен камсыз кылуу программаларын кеңейтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу жумушсуздуктун өсүшүн алдын алууга болот. Ошондой эле социалдык коргоо чараларын күчөтүү менен жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк бар.
"Азия Ньюс" гезити