Акыркы кабарлар
» Коом » Арактын кесепетин жакыр бүлөлөр көп тартары айтылды
Арактын кесепетин жакыр бүлөлөр көп тартары айтылды
18-октябрь, 12:08

Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору алкоголдук ичимдиктердин ден соолукка, жашоого, өмүргө тийгизген таасирлерин тизмектеп, адамдын ага берилип кеткен факторлорун атады.
Алкоголдук ичимдикти дайыма колдонуу – ага байланып калууга түртүп, андан сырткары, адамды бир топ ооруга кептейт. Мисалы, адамдын психикасы бузулат, боор циррозуна, залалдуу шишиктин айрым түрлөрүнө, жүрөк кан тамыр ооруларына, дагы бир топ башка илдеттерге чалдыгышы мүмкүн.
"Ашыкча ичип алганда ден соолукка, өмүргө атайылап же капыстан зыян келтирген учурлар арбын. Алар: мас болуп автоунаа айдоо, жол кырсыктарына кабылуу, мушташуу, адамдын өз жанын кыюусу, зордуктоо жана башка бир катар кесепеттүү көрүнүштөр. Ичимдикти ашыкча ичүү ВИЧ жана кургак учуктун инфекциялык ооруларынын жугушун жана алардын тездик менен өнөкөткө айланышын шарттай турганы аныкталган. Кош бойлуу аялдын "сеп этип" жүргөнү түйүлдүктү ар кандай ооруларга, ара төрөлүү коркунучуна кептейт" деп жазылат маалыматта.