Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Казакстанда катаал карантин киргизүү иштелүүдө, биздикилер туурабайбы?

Казакстанда катаал карантин киргизүү иштелүүдө, биздикилер туурабайбы?

30-июнь, 12:10
534 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө карантин чараларын кайра киргизүү боюнча планды иштеп чыгууну тапшырды.

Анын айтымында, өлкөдө өзгөчө абал аяктаган 11-майдан бери коронавирусту жугузуп алгандардын саны жети эсе көбөйдү.

Токаев 29-июнда өткөн видео жыйында вирустун жайылып жатканына байланыштуу облус жетекчилерин, мамлекеттик мекемелердин башчыларын жана министрлерди сындады.

Ошондой эле Казакстанда март айында киргизилген чектөөлөргө окшош чаралар зарыл экенин ишара кылды. Төрт күн мурда Токаев саламаттык сактоо министрин алмаштырган болчу.

Казакстанда соңку бир сутканын ичинде 1613 адамдан коронавирус табылды. Натыйжада, өлкөдө анализинен коронавирус чыгып, бирок белгилери байкалбаган адамдарды кошкондо өпкөнү сезгенткен илдетти жугузуп алгандардын жалпы саны 37 966га жетти.

Расмий статистикага ылайык, коңшу өлкөдө эпидемия башталгандан бери 178 бейтап коронавирустан каза тапты.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер