Кайрат Итибаев: “2030-жылга чейин өлкөбүзгө келген инвестициялардын көлөмү 3-3,5 миллиард АКШ долларына жетиши мүмкүн”


КР чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы менен маек.
-- Адылбек Касымалиев бизнести колдоо иретинде инвестициялык аймак түзүүнү айтып чыкты. Буга чейин ишкерлерге кысым жасалып келсе, бир тобу чет өлкөлөргө чыгып кетишсе, эми жөнгө салуу кыйын эмеспи?
-- Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясы бул маанилүү демилгени ыраазычылык менен колдойт. Анткени биз буга чейин эле инвесторлорду жана ишенимдүү укуктук механизмдерди түзүү демилгесин колдоп келгенбиз. Биз бул маселени буга чейин бир нече жолу көтөрүп, Кыргыз Республикасында инвестицияларды коргоо механизмдерин күчөтүү зарылдыгын белгилеген элек.
Эл аралык тажрыйба көрсөтүп тургандай, англиялык укуктук моделди колдонуу чет элдик капитал үчүн ишенимдүү шарттарды түзөт. Бул ыкма ийгиликтүү ишке ашкан бир нече мамлекеттер бар. Мисал үчүн айтсам, Казакстанда 2018-жылы ачылган Астана эл аралык финансы борбору (AIFC) англиялык укуктун негизинде иш алып барат. Бул платформа 500дөн ашык чет элдик компанияларды тартууга жетишти.
Бириккен Араб Эмираттары – Дубай эл аралык финансы борбору (DIFC) өзүнүн автономдуу укуктук системасынын аркасында дүйнөлүк ири банктарды, юридикалык компанияларды жана инвестициялык фонддорду өзүнө тарта алды.
Сингапурда англиялык укук, интеграцияланган Эл аралык коммерциялык сот ишкерлердин ишенимин жогорулатуу менен өлкөнү Азиянын каржы борборуна айлантты.
Кыргызстандагы атайын инвестициялык аймак өлкөнүн географиялык жана экономикалык чектөөлөрүн эске алуу менен тоо-кен, энергетика, транспорт-логистика, санариптик экономика, финансылык технологиялар сыяктуу жогорку кошумча нарктуу секторлорго багытталышы керек.
Эгерде бул демилге ишке ашса, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасына келген жылдык түз инвестициялардын көлөмү 3-3,5 миллиард АКШ долларына жетиши мүмкүн. Бирок бул үчүн мамлекет укуктук туруктуулукту, салыктык жана административдик жеңилдиктерди, ошондой эле инфраструктуралык өнүгүүнү камсыз кылышы керек.
Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясы бул демилгени толук колдойт, аны ишке ашыруу боюнча кызматташууга даяр.
"Азия Ньюс" гезити











