Акыркы кабарлар
» Саясат » Иштин майын чыгарган Урмат Жумабековдун басыктуу жүрүшү
Иштин майын чыгарган Урмат Жумабековдун басыктуу жүрүшү
03-апрель, 09:00
542 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Соңку убакта милицияны уят кылган кадрлардын чуулганы улам чыгып, басылбай келатат. “Кой аксагы менен миң” дейт. Мындай шартта тазалануу керек. “Медалдын эки бети бар” дегендей, ак ниеттүү адистерден да кеп козгойлу. Биздин каарманыбыз ИИМге берилип кызмат өтөгөн, дипломат, иштин майын чыгарган полковник.
Жыл башынан бери ИИМдин 10-башкармалыгын Урмат Жумабеков жетектеп келет. “Түсү ийгиден түңүлбө” дегендей, каарманыбыз жооптуу кызматты шыр эле камчы салдырбай алып кетти. Коомчулуктагы татаал процесстерди талдоо, саясый, диний кубулуштарга баа берүү, алдын ала профилактикалык иштерди жүргүзүү, эң башкысы, туруктуулукту, тынчтыкты камсыздоо жагынан Урмат Жумабеков тынымсыз иштеп, басыктуу жүрүш алды. Ал билинбей жүрүп милициянын көп тепкичтеринен өткөн, негизинен таза, так иштегени менен өздүк курамга жакканы, о.э. кыйчалышта жол тапкан артыкчылыктары да бар. “Дөөлөт тоголок...” дейт эмеспи. Кекирейсең куржалак каласың. Анын сыңарындай, Урмат мырзада мактанбаган, канчалык зоболосу көтөрүлгөн сайын ийилген, кичипейил, бийик адамгерчилик мүнөзү бар. Көптөрдөн айырмаланып турганы да ушул. Мындай мүнөз менен алыска чуркачудай."Азия Ньюс" гезити