Кайыргүл Сыдыкова менен Сулайман Рысбаевдин “айдаганы беш эчки, ышкыры таш жарат”


“Рух-бейне” эл аралык чыгармачыл академиясы бар, президенти Кайыргүл Сыдыкова, вице-президенти Сулайман Рысбаев. Алар эки жылдан бери адабият жана искусство жаатында ар кандай номинацияларды коюп, жылдын мыктыларын сыйлап келатышат. Өткөн жылы музыкадан Кадыралы Артыков, прозадан Меңди Мамазаированын “Аймаран” романы, поэзиядан Керимбек Кадыракуновдун “Мамиле” ырлар жыйнагын конкурстан жеңди (!) деп аташып, бирок лауреаттардын айрымдарына акчалай сыйлыгы берилбей калганы белгилүү болду. Башкаларын билбейбиз, бирок байгеге коюлган 20 миң сом Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын Керимбек Кадыракуновго берилген эмес. Ошол карызынан кутулбай туруп, бул эл аралык уюм быйыл дагы аттуу-баштуу кишилерге сыйлык ыйгарып жатканы бизди таңгалдырууда. Өздөрү эл аралык уюм болсо, жасаганын карабайсыздарбы! “Айдаганың беш эчки, ышкырыгың таш жарат” деген ушул эмеспи.
"Азия Ньюс" гезити











