Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдик демократия жана партиячылардын “балалык оорусу”

Элдик демократия жана партиячылардын “балалык оорусу”

18-декабрь, 18:00
1 866 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Элдик демократия түшүнүгү Байыркы Греция менен Римден башталып, ушул күнгө чейин талаш-тартыштарды жаратып келет. 

Башында калкы анча көп эмес шаарлардагы эл катмары тикелей шайлоолор аркылуу бийликтин адилетсиз аракеттерин жөнгө салып келсе, кийинчерээк эл катмарынын кызыкчылыктарына жараша түзүлгөн топтордун же партиялардын өкүлдөрүнөн куралган парламент көзөмөлүнө алган. Бирок, тарыхтын узун жүрүшүндө партиялар эл катмарынан оолактап, жалпы элдин эмес, жеке топтордун саясый, коммерциялык кызыкчылыктарын коргоп коштоочу мафиялык мүнөздөгү жабык корпорацияларга айланып кеткенин ММКда эл аралык саясый эксперттердин талдоо-тартыштарынан угуп, көрүп жүрөбүз. Чынында эле XXI кылымдын башталышында элдик демократиянын критерийи катары партиялык парламент системасы эмес, жалпы карапайым эл өкүлдөрүнөн куралган парламент эсептелип, өнүккөн деп аталган өлкөлөрдө да кан төгүүгө чейин барып жаткан нааразылыктар менен адамдардын улутуна, диний ишенимине, өң-түсүнө болгон адилетсиздиктин башкы себеби катары мафиялашкан партиялар аталышып, партияларды жалпы элдик демократияны орнотуучу эмес, коомдогу адилетсиздикти жаратуучу инструмент катары кабыл алуу процесси башталды. Айрым аналитиктердин болжолдоосунда партиялардын кризиси жер шарындагы жаңы согуш алааматтары аркылуу жер картасында жаңы мамлекеттерди пайда кылып, дүйнө элдеринин учурдагы кызыкчылык-муктаждыктарын канааттандыра тургандай элдик демократиянын жаңы критерийинин жаралышы менен аяктайт деп болжолдонууда. 


Талап-тонолгон он жыл, чет элге карыздар… 

Кыргызстанда партиялык парламентаризмдин кризисинин белгилери жүздөгөн жылдарда эмес, 10 жыл аралыгында эле башталып, натыйжасы 2020-жылы 5-октябрдагы элдик толкундоолор менен аяктаганына баарыбыз күбө болдук. Анткени партиялык система менен шайланган парламенттин мүчөлөрүнүн арасынан карапайым элдин көйгөйүн ойлоп, алардын маселесин чечүүгө чын дилден аракет кылган бир да депутат суурулуп чыга албады. Ал эми эгемендик жылдардын алгачкы доорунда бийликтин кысымына карабай, элдин сүрөөсү менен бир мандаттуу шайлоолордо элден суурулуп чыгып, элдин үмүт-ишенимине ээ болгон эски депутаттарыбыз бийликтин жытына магдырашып, элдин алдындагы жоопкерчиликтерин унутуп, жомоктогу ажыдаарга айланып бара жатканын күнүмдүк турмушубуз менен жашообузда жонтерибиз менен сезип турабыз. 2010-жылдын апрелинен кийин ойгонгон элден кайра мандат алуунун кыйындыгын байкаган кечээги патриот уул-кыздарыбыз” “президенттик-парламенттик башкаруу киргизебиз деген амал менен элдик курултай мыйзамынын долбоорун түзүп баштагандай түр көрсөтүп, улут аралык жаңжалдарды уюштурган ыплас технологиялар аркылуу элди чочутуп, алаксытуу менен референдум жарыялашып, легитимсиз Конституция кабыл ала коюшту. Анткени Кыргызстандын 2010-жылга чейинки Конституциясында төңкөрүш, өткөөл мезгилдин бир жылдык президенти, Убактылуу өкмөт түзүү боюнча беренелер жок. Бийлик кумарынын арам даамы “мыйзамдуу жол издеп жатабыз деген шылтоо менен төңкөрүшчүлөрдү үйлөрүнө таратууга, өздөрүн өздөрү бекитип, эч ким укук бербесе да өздөрүнө ылайыкташтырып “Батыштын үлгүсүндө” делген жасалма Конституцияны жазуу менен арамза кыялдарын ишке ашырууга жетеледи. Натыйжада, учурундагы мыйзамдар бузулуп, бийликтин бир бутагы тууганчылык, жердешчилик, коммерциялык кызыкчылыктарга жараша куралган партиялык парламенттин колуна мыйзамсыз өттү. Ал эми партиялар өздөрүнө энчилеген бийлик бутагын мыйзам чегинде эмес, өз түшүнүктөрүнө жараша, карапайым элге кызмат кылуучу эмес, элди басынтып сабоочу, камчы менен башкаруу деп кабыл алышып, адилеттүү чындыкты баш көтөртпөй, зомбулук менен соода принциптериндеги шайлоону киргизишти. Ошентип Кыргызстандын 2010-жылдан 2020-жылдын 5-октябрына чейинки саясый турмушунда саясаттын дымыгып чирүү процесси жүрүп, саясатчыларыбыз ММКлардагы сүйлөгөн сөздөрүндө кимдин бийлигине кантип кызмат кылганын, кимдин өтүнүчүнө ылайык Конституцияны жазышканын, кимдерди каматканга чейин барышканын угуп гана калбай, көрүп да калдык. Бул жылдар аралыгында бийлик кыргыз элинин арасынан 90-жылдардай суурулуп чыккан патриот азамат уул-кыздардын бирин да чыгарбай, башкаруу системасын бийлик менен келише алган эски саясатчылар менен коррупциялашкан байлардын комоктору менен дүкөндөрү гана орун алган коммерциялык “саясат” базарына айлантты б.а., балалык кыялдары менен партиялардын табыгий калыптануу доорунун партиялык бышып жетилүү этаптарын аттап өтүп, чирип башталган акыркы үлгүсүнүн “жасалма” формасын тандашты. Карапайым кыргыз эли жана бийлик эсинен чыгарып, эсепке албаган көмүскөдөгү патриот уул-кыздар менен жаш саясатчылар, элибизге таандык сабырдуулук менен бийликтин оңолорунан акыркы үмүттөрү таш капкандан кийин гана кулдук сезимге баш ийбеген кыргыздык сапаттары аларды 5-октябрда бийликти алмаштыруу козголоңун ишке ашырууга мажбурлады. Баарынан кызыгы, баягы эле “дүжүр” демократтар 5-октябрда элдин кезектеги жеңишин колго алып, мыйзамдаштыралы деп уялбастан эле баягы “Убактылуу өкмөтүн” түзүп кирди эле, алардан оозу күйгөн эл көчүккө тээп кууп чыкканда деле өздөрүнүн ыры бүткөнүн моюнга алышпай, кайра-кайра сайрап жатканы, бир кездеги эл сыйлаган “ак жүрөк” демократтардын чыныгы ажыдаарга айланганын далилдеп койду. Элдин сыйы менен ишеничинин чеги бар, ошондуктан сыйы менен кетип калбастан, бийлик жытын кубалап изкубардай жорткон ини-карындаштарыма “эсиңер барда этегиңерди жаап, тынч жашагыла, болбосо козголоңдо жабыркаган жаштардын тобу көчүктөн башка талуу жериңерге тээп шерменде кылбасын” деген кеңешимди бермекчимин. Анткени, эл бул жолу жасаган революциясынын жемишин силерге тарттыра койбойт. Баягы балалык кыялыңар менен өзүңөрдү Кыргызстандын Ленини менен Марксы сезип, кээде Наполеон, Рузвельт, Черчиллге айланган спектакль-оюндарыңардан эл тажап, анын формасы болгону менен ички мазмуну “лапша” экенин кулагы менен гана укпай, өз турмушунда көзү менен көрүп, башынан өткөн 30 жылдык жашоосунда текшерип да чыгышты. Киргизилген партиялык жасалма парламентаризм бийликтин кулу болгон “чимкирикизмге” айланганын, акыркы 10 жыл ичинде Кыргызстанды талап-тоноп, ичип-жегенге, белчесинен карызга батырууга бийликке шарт түзүп бергенин жалпы коомчулук көзү менен көрүп отурат. 


Коомдук бирикме катарында бышып жетилүү менен калыптануусуна гана мүмкүнчүлүк берүү керек

Элдик демократия дегенибиз – менимче, бардык улуттагы бай жана кедей калктын өздөрү шайлаган бийлик өкүлдөрүнө үнү жетип, арыз-муңдары менен көйгөйлөрүн ачык айтып, анын адамдык укуктарынын адилеттүү сакталышына мүмкүнчүлүк-шарттардын түзүлүшү эсептелет. Партиялык парламент – бул функцияны аткара албай, өздөрү энчилеп алган бийлик бутактарын карапайым эл массасын өз үй-бүлөлөрү менен тууган, дос-тамырларына, коррупциялашкан коммерциялык структураларга жалданган кулуна айлантуучу, ал эми сот менен прокуратура баш болгон укук коргоо органдарын партиялардын коммерциялык базарларынын абийирин жаап, жумурай-журттун оозун басуучу курал катары колдонгонуна шайтандардын деле оозу ачылып, эстен танды окшойт. Ошондуктан 2010-жылкы легитимсиз Убактылуу өкмөттүн ыплас жолун кайта баспай, чын дилден бийликтин мыйзамдуу алмашуусуна умтулган Садыр Нургожоевич Жапаров баштаган абийирин сатпас патриот уул-кыздарыбызга бийликти ишенип тапшырган элибиздин үмүт отуна суу чачып, быкшыган саясатка айлантпай, биз да чын дилден кубаттап колдойлу. Ар бирибиз көчөдөгү партиялардын көлөкөсүндө эмес, өз элибиздин ичинде жашаган урпактары катарында, 30 жылдык эгемен турмушубузда биринчи жолу өз напсибизди кандыруу үчүн сырттан келген жасалма башкаруу саясатын маңкуртча ээрчибей, Улуу Кыргыз Каганатынан мураска калган башкарууну, ата-бабаларыбыздын рухунан бата тилөө менен курултай институтунан күч-кубат алып, майтарылбас эркибизди жаңыртып, оту өчүп бара жаткан кыргыз коломтосун кайра жандандыруу деп түшүнүүгө тийишпиз. Ошондуктан элдик курултай институтун киргизүү долбоорун сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө жактап, талкууга койгон бүгүнкү бийликке бут тоспостон колдоо – бийлик өкүлдөрүнүн эмес, өлкөнүн ысык-суугун жонтериси менен сезип, жакындарынын каны менен төлөп, аргасыздан көтөрүлгөн элдин тарых тастыктаган талабы экенин туура түшүнөлү. Кыргыз саясатчылары менен интеллигенциясы 30 жылда жок дегенде бир жолу “дүжүр” болбой, патриот болуп, өз жандарын окко тосуп жатып адилетсиз бийликти кууп кетирген карапайым элдин урматына кол чаппасак да, алар үмүтүн арткан элдик курултай менен парламентти түзүү сунуштарына оюн-отубузду чачпай, жакпаса жөн эле каршы добуш берип, сабырдуу болуп туралычы демекчимин. Анткени мен сыяктуу шым кийип-кийбеген бардык эле кыргызстандыктардын ички кыялында бийликке акыл айтып, үйрөтүүчү миңдеген идеялары бар экенин өзүбүздүн мисалыбызда эле сезип, кыргыздын гениндеги “каршы чыгуу” адаты жөн жаткыра койбосун билебиз. Бирок, эмнегедир  башка иш түшкөн кыйчалышта сабырдуу дудук болуп, ооз ачып айтарга мүмкүнчүлүк болору менен чечен болуп сайрап чыгабыз. Мисалы, конституциялык кеңештеги айрым талкуулардан эки баштуу парламент ж.б.у.с. “акылдуу” сунуштар айтылып, бирөөсү коомдук башталышта шайланган эл өкүлдөр палатасы бийликти көзөмөлдөйт десе, экинчиси элдик курултайдын ар башка формаларын сунуштоодо. Албетте, алардын айтууга жана талкуулоого койгон укуктары менен пикирлерине каршы эмесмин. Ошондой болсо да 30 жыл ичинде мамлекетке кереги тийбеген аспаптай ыргытылып, коомдук жашоодогу шылуун коммерсанттар жана амалкөй беш жүздүү, “даанышман” артист саясатчылардын марафондук жарышынан четтетилип, унутулуп бара жаткан илимий чөйрөнүн айтарга сөзү топтолуп, мээсине батпай калганын түшүнөм. Кантсе да Садыр Жапаровдун улуттук илимдер академиясына (УИА) келип, жаңы бийлик мамлекеттин өнүгүү багыттарын илимий негиздерге таянып, өкмөттүн бардык иш-чараларында илим тармактарын сөзсүз катыштырууга карата оюн айтып, илим чөйрөсүн мамлекеттик башкарууга аралаштырып, алардан экономикалык өсүүгө салым кошуучу жаңы илимий технологияларды өнүктүрүүчү инновациялык сунуштарды күтөрүн ачык айтышы – илимий чөйрөгө жаңы дем менен кубат бергени байкалып турат. Айрыкча жаңы Конституциянын долбоорунун көчөдө же саясат базарында эмес, аттуу-баштуу УИАнын имаратында түптөлүп, окумуштууларыбыздын талдоосу менен киргизилери, УИА баштаган илимий чөйрөнүн коомдогу сыйлуу ордуна кайра келүүсүнө ырым болуп, жолунун ачылышына карапайым элдин берген ак батасы болду окшойт. Ошентсе да, илимий чөйрө менен интеллигенцияга жаңы Конституцияны талкуулоодо керебетте жатып ойлоп тапкан жеке пикирибизди таңуулоо талашын баштабай, талкуулоонун башкы абзацына баштарын канжыгага байлап, өлкө тагдыры үчүн канын төгүүгө чейин барган карапайым элдин үмүт-тилегин койсок деген сунушумду айтар элем. Кыргызстандын тагдырына кайдыгер болбогон жаран катарында мен да, элдик демократияны партиялар эмес, элдик курултай гана камсыз кыла алышына ишеним артып, 2010-жылы элдик курултай институтун киргизебиз деген Убактылуу өкмөттүн “лапшасына” кубанып, “Кыргыз Туусу” гезитинин 2010-жылы 15-майдагы санына “Конституцияга курултайлык башкаруу киргизели” деген макала жазып, өз ойлорумду, сунуштарымды билдирген элем. Ошондогу коомчулук иштеп чыккан долбоор менен бүгүнкү сунуш кылынып жаткан долбоорду салыштырып, алардын мазмуну бирдей экенин көрдүм: Конституциянын жаңы долбоорунун 7-беренеси: 1. “Элдик курултай элдик бийликтин жогорку макулдашуучу, кеңешүүчү жана координациялоочу органы болот...” деп жазылып, андан кийинки алты пунктта элдик курултайдын укуктары менен милдеттери белгилениптир. Бул мурдагы Конституциялардан айырмаланып, карапайым элдин үнүн бийликке жеткирип, элге кызмат кылбаган бийликти кан төккөн төңкөрүш аркылуу эмес, элдик курултайдын чечими менен кетирүү механизми киргизилген. Ошондуктан партиялык кризистердин сазына батып бара жаткан өнүккөн өлкөлөр да, жаңжалдарды кан төгүүсүз басаңдатуу үчүн элдик курултай системасына окшош институттарды киргизип, элдик курултай дүйнөлүк саясаттагы кезектеги “киргизское чудо” болоруна ишенип турам. Ошентип парламент мыйзамдарды чыгарууну жана алардын аткарылышын көзөмөлгө алып, президент бир эле учурда өкмөттү да жетектөө менен өлкөнүн бүтүндөй жоопкерчилигин алса, ал эми жылына бир жолу элдик курултай алардын ишине баа берип турса, анда чыныгы элдик демократия орнотуларына көзүм жетип турат. Анткени Кыргызстандын эли улуттук жана уруучулук кызыкчылыктардын деңгээлинен араң көтөрүлүп, аймактык деңгээлдеги кызыкчылыктар аркылуу биригүүгө жетишкен мезгилде, аймактардан бир жылга шайланган 2000ден ашык курултайчылар эч кимге сатылбай, жер-жердеги бийлик органдарынын адилетсиз иштерин борбордук бийликке түз жеткирип, конституциялык укуктарынын чегинде көзөмөл жүргүзө алат. Ошондуктан “балалык” кыялдарга магдыраган жасалма партияларга саясый укук бербей, коомдук бирикме катарында бышып жетилүү менен калыптануусуна гана мүмкүнчүлүк берүү керек. 


Соңку сөз же мыйзам бузгандарды ооздуктоо

Акырында, элдик курултайдын укуктары менен милдеттери жана иш тартиби боюнча кошумча иштелип чыгуучу мыйзамдарга төмөндөгүдөй сунушумду билдирем: аймактардан шайлануучу бир жылда бир өтүүчү элдик курултайдын делегаттары – улуу жыйынга бир ай калганда шайланып, аларга кийинки улуу жыйынга бир ай калганга чейин аймактагы элдин үнүн элдик курултайдын борбордук секретариаты аркылуу бийликке жеткирип туруу укугу берилсин жана корголсун. Ошондо гана бийлик органдары аймактардагы көйгөйлөр менен убагында таанышып, чара колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошентип элдик курултай институту союз мезгилиндеги “Народный контролго” караганда кеңири укуктарга ээ болуп, мыйзам бузгандарды ооздуктап туруучу чыныгы мамлекеттик инструмент боло алат. Мисал катары, Россияда партияларга болгон массалык нааразылыктарды басаңдатып, аймактагы бийликтердин аракетине көзөмөл жүргүзүү үчүн түзүлгөн “Народный фронт” кыймылын айта кетсек болот. 


Макамбай Мамаюсупов, орто жана жогорку математика боюнча 8 электрондук окуу китептеринин автору жана авторлошу (okuma.kg-электрондук китепканасында), Ош шаарынын тургуну, пенсионер 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер