Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бизде оппозициячыл талапкерлер жок, демократиялык маданият калыптана элек”

“Бизде оппозициячыл талапкерлер жок, демократиялык маданият калыптана элек”

30-сентябрь, 19:16
750 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алдыдагы парламенттик шайлоодо оппозициячыл маанайдагы талапкерлер чыга алышабы? Шайлоочулар эркин ой жүгүрткөндөрдү колдошобу же баягы эле акчалууларды тандашабы? 

Ибрагим Жунусов, экс-элчи:

-- Парламенттик шайлоодон мен эч кандай оппозицияны көрбөй турамАлар болсо, шайлоодо чыкпай, буга чейин эле өздөрүн көрсөтүшмөк да. Оппозициядан бир-экөө келип калышы мүмкүн, бирок талапкерлердин ичинен мурдагылар эле чыгат. Негизи парламенттин өзүн өзү таратуу демилгесин көтөргөндөр жана тароого макулдук бергендер, кол койгондор менин түшүнүгүмдө кайра шайлоого барууга акысы жок. Шайлоонун мыйзамдарын өзгөртүүдө бир нерсе жетишпей калгансыйт. Түркияда эки жолу катары менен депутат болгон адам үчүнчү жолу депутаттыкка баралбайт. Тагыраагы, үчүнчү чакырылышта эс алып, төртүнчү чакырылышта барса болот. Биз дагы ушул нерсени мыйзамга киргизип коёлу.  

Ташболот Балтабаев, экс-депутат:

-- Парламенттик шайлоодо оппозициялык талапкерлердин чыгышына эч ким тоскоолдук кылбайт. Ал эми “эл ошондой талапкерлерге муктажбы?” деген маселе бар. Менин пикиримде, оппозициячыл талапкерлерден абдан аз келет. Ошого байланыштуу алардын парламентте таасири жок. Эркин ой жүгүрткөн, чындыкты айткан, оппозициячыл маанайда болгон, бийликтин катачылыктарын бетине айткан талапкерлерди шайлоочулар колдошу мүмкүн, бирок алар беш же жети пайыздан ашпайт. Регионализм, трайбализм жана башка тоскоолдуктарга учурашат. Анткени, биздин элде демократиялык маданият калыптана элек. Эми анын калыптанышы үчүн тажрыйба көрсөткөндөй, эл көптөгөн тарыхый этаптарды басып өтүшү шарт.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер