Эрнест Карыбеков, эксперт: “Светке тариф көтөрүлүп, эл аргасыздан чыдап отурат”


-- Энергетика министри Таалайбек Ибраев кышында электр жарыгы тартыш болорун эскертти. Буга кандайча баа беребиз?
-- Эми эмне дейбиз... Министрдин, жалпы өкмөттүн мындай "эскертүүлөрүнө" эл көнүп деле калды го. Министрдин отурган жери мамлекеттик саясый кызмат. Ошол тармакта туура саясатты жүргүзүп, элге, экономикага үзгүлтүксүз электр кубаттуулукту берип, жалпы өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылышы керек. Эгерде бул кызматка электр тармагын анча түшүнө бербеген, туура саясатты жүргүзө албаганды дайындай берсе, эл кыйналат, экономикага, өлкөгө терс таасирин тийгизет. Мисалы, азыр деле алып-сатарлык менен күн көргөн баягы 12 ортомчу фирма жоюла элек. Абалдан чыгыш үчүн майнинг фермаларды бүт өчүрүш керек. Алардын өлкөгө пайдасынан зыяны көп.
-- Майнинг фермаларды өчүрсө эле эл кыштан кыйналбай чыгабы?
-- Албетте, алар өчсө, эл кыштан кыйналбай чыгат. Бирок, бир маселе бар. Өлкөнүн, жалпы элдин, көпчүлүктүн кызыкчылыгы жогорубу, же бир ууч коммерсанттардын көздөгөнү маанилүүбү? Айтайын дегеним, “светти экономдогула, суу аз, жарык өчөт”, “жашыл энергетика” ж.б. деп эле жанагы циркте үйрөтүлгөн маймылдардай эле жыл сайын кайталай беришет. Арабаны аттын астына коюп алышып. Макул, 25 жыл эмес, төрт жыл мурун тилди угуп, Кара-Кече ТЭС куруп баштаганда (жашыл, кызыл дебей), азыр свет өчпөйт эле. 6 миллиард кВт/саат резерв пайда болмок. “Резерв бар экен, энергиянын баасы арзан” деп дүйнөлүк өндүрүш келип, Кыргызстанда завод, фабрикаларын ачмак. Текке кеткен кайран гана убакыт!
Тариф көтөрүлүп, эл аргасыздан чыдап атат. Көрөсүңөр го, бул саясат менен светти майнингге өчүрбөй, жалпы элге, экономикага өчүрөт. Анткени, бир ууч алып-сатарлардын кызыкчылыгы жалпы өлкөнүн коопсуздугунан, көпчүлүктүн кызыкчылыгынан жогору. Ошондуктан саясатты, энергетикада эле эмес жалпы каржы экономикабыздагы системаны өзгөртүш керек. Бул системага ушундай кызматкерлери менен канча деген президенттер чалынганын барыбыз билебиз. Кышында кошуналар бизге электр энергиясын бералбай калса эмне кылабыз? Көмүрдөн көбүрөөк алыш керек. Ишенич жок.
-- Ошентип, кыштын камын көрүш үчүн эмнени биринчи колго алышыбыз керек?
-- Бишкек ЖЭБге көмүр көбүрөөк алыш керек. Импортту көбөйтүү зарыл. Жогоруда айттым го, майнинг фермаларды бүт өчүрүп, Кара-Кече ТЭСти куруп алсак, 3-4 жылдан кийин Токтогул суу сактагычы дагы толук болот, электр энергиясы дагы көбөйөт. “Быйыл куруп баштайбыз” деп атышат, Кудайдан болуп курулуп калса, маселе чечилүү жолуна түшөт эле.
"Азия Ньюс" гезити











