Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үйдөгү суумайды, кумшекерди огородго чуңкур казып көмүп...

Үйдөгү суумайды, кумшекерди огородго чуңкур казып көмүп...

07-сентябрь, 18:10
1 942 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Бул жолу Айжамал (аты өзгөртүлдү) аттуу окурман төмөнкүдөй суроо менен кайрылды.

“Саламатсыздарбы! Мени үй-бүлөдөгү жагдай тынчсыздандырып келет. Үйдө атам арак ичет, апам болсо дайыма андан тамак-ашты катып коёт. Мен эс тарткандан бери эле атам ичкенин токтотподу. Көзү ачыктарга, бүбү-бакшыларга, дарыгерлерге, наркологдорго деле алып барып көрүштү. Атам өзү ичпегенде деле, ичкенде деле тынч жүрүп, ызы-чуу чыгарбайт, бирок эң жаман жери үйдөгү акчаны, жеңил буюмдарды, тамак-ашты сатып, айланадагы дүкөндөргө алып барып берип, анан аны ичимдикке алмашып алып ичет. Ошондуктан апам дайыма аларды катат. Эми жакындан бери апам жаңы бир ыкма тааптыр, уксаңыз таңгаласыз. Үйдөгү суумайды, кумшекерди огородго чуңкур казып көмүп, анан ошондон атам жокто алып чыгат. Анын үч баласын багып чоңотом деп тартпаган түйшүгү калбады. Мен турмушка чыккандан тартынам, “атасы ичкич экен” деп айтышат го дейм. Айтор, кыйын эле жашоодо жашап жатабыз. Атам ичкенин  токтоторуна деле көзүм жетпейт. Мага кеңеш, жөн гана колдооңуздар керек деген ойдо ушул катты жаздым” дейт Айжамал.

Айжамалга жакшы пикир бөлүшүп коюңуз, урматтуу окурман!
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер