Садыр Жапаров менен Өмүрбек Суваналиев Июнь коогалаңында бирге жүрүшкөн...
Береги сүрөт 2010-жылдагы Июнь окуясындагы көрүнүштөн бир ирмем. Садыр Жапаров менен Өмүрбек Суваналиев туруктуулукту камсыздоого, элдин тынчтыгын сактоого салым кошкон чактары. Коогалаңдын эмнеден улам башталып, аягына чейин кандай аракеттер көрүлгөнүн жакшы билишсе керек. Биздин маалымат боюнча, түштүктө учкун тутанганда биринчилерден болуп Садыр Жапаров досу Камчыбек Ташиевди таңатпай ойготуп, досторун, тарапташтарын ээрчитип барган. Эл муктаждыгын чечүү иштерине батыл аралашканы белгилүү. Ал эми Өмүрбек Суваналиев Ошто күч органдарын башкарып, стабилдүүлүктү орноткондон кийин кызматын тапшырып кеткен. (Убактылуу өкмөттүн оор учурда референдум өткөзүү саясатына протест билдирип). Ток этери, эки саясатчынын кыргыз элинин башына мүшкүл иш түшкөндө бирге жүрүшкөнү бекеринен эмес го...
"Азия Ньюс" гезити